Унаадагы фейрверктер жарылып, 1 адам каза болду

 Унаадагы фейрверктер жарылып, 1 адам каза болду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда жарылуучу пиротехникалык каражаттарды ташыган “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен фейерверктер жарылып, ири өрттүн чыгышына жол ачкан. Мындан улам саат 21:40та жана 22:04тө Балыкчы шаарынан өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт 23:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Тилекке каршы тилсиз жоонун кесепетинен жүк ташуучу унаадагы бир адам каза болуп, өздүгү такталууда.

Связанный пост