Бишкектин чет жакасында Ми-8 тик учагы кырсыкка учурады. Бир адам каза болду

 Бишкектин чет жакасында Ми-8 тик учагы кырсыкка учурады. Бир адам каза болду

Бишкектин четиндеги Ми-8 аскердик тик учагынын кыйрашынан бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, дагы 8 аскер кызматкери жабыркады. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө, бирөөнүн абалы өтө оор, үчөөнүн абалы оор. Алардын бары медициналык тез жардам ооруканасына жаткырылды.

 

Коргоо министрлигинин жана Куралдуу күчтөрдүн Аскер-аба күчтөрүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Связанный пост