Кыргызстанда апта ичинде 19 миң 378 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Анын ичинен: -Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1108; -Мас абалында унаа башкаруу – 221; -Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 581; -Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – […]Читать далее
Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбайт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, комиссиядан бошотуу 2024-жылдын 25-ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. – Комиссия алууга тыюу салуу жеке адамдар тарабынан банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери, ошондой эле интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн которууларга тиешелүү. – Төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн […]Читать далее
Кыргыз элинин чыгаан уулу – КР Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамбет Мамакеевич Мамакеевдин дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен билдиребиз. Ысымы жогорку кесипкөйлүктүн жана өз ишине берилгендиктин символуна айланган улуу кыргыз хирургу 98 жаш курагында арабыздан кетти. Мамбет Мамакеевич 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында туулган. Анын өмүр жолу сыноолорго жана кыйынчылыктарга жык толгон: ал […]Читать далее
Кыргызстанда “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Аталган мекеме санариптик технологияларды колдонуу менен документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүп, заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт. Мындан сырткары: Аймактарда жана шаарларда жаңы тейлөө борборлорунун курулушу башталат; Мурдагы тейлөө жайларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт; Калк үчүн ыкчам, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кызматтардын спектри кеңейтилет. […]Читать далее
ЖКККББда 10 айдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. ЖКККББнын борбордук аппаратында башкы башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробековдун жана орун басарынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын катышуусунда 2024-жылдын он айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча онлайн кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды. Жыл башынан тартып, ЖКККББгы тарабынан жалпысынан 890миң 461 […]Читать далее
Бүгүн Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин аймагында жаңыдан курулган эки футболдук оюн аянтчасы ачылды. Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты. Аталган оюн талааларын куруу иштери учурдагы жылдын апрель айында жүргүзүлө баштаган. 7 920 чарчы метрлик оюн талаасынын бири гибриддик каптоо жана олимпиадалык стандарттарга жооп берген чуркоо аянтчасы менен жабдылса, […]Читать далее
“Көчмөн Сити” турак жай комплекси курулуш компаниянын каражаты жоктугунан мамлекетке берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча Күн-Туу айылынын тургундары президентке кат менен кайрылышкан. “2022-жылы жеке компания 31 гектар жерди айыл өкмөттөн ижарага алып, 2 миң батирди айылдын жашоочуларына жер үчүн берүүнү убадалаган. […]Читать далее
Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Fas Renewable Energy компаниясынын бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери Бабу Ануп менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Fas Renewable Energy компаниясы менен алдыдагы кызматташтыгы жана Кыргызстанда күн энергиясын өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, элчи кыргыз тарап үчүн Сауд […]Читать далее
Бүгүн, 22-ноябрда “Ош” эл аралык аэропортунда туманга байланыштуу каттамдар кармалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалымдалгандай, Оштон уча турган бир катар багыттар боюнча учактар токтоп турат. Алар: Ош-Стамбул Ош-Екатеринбург Ош-Домедедово ОШ-Шереметьево Ош-Жуковский Ош- Внуково Ош- Эль-Кувейт Ош-Жидда Ош-Бишкек. Ошондой эле Бишкек-Ош каттамы кармалып жаткандыктан “Асман Эйрлайнс” авикомпаниясынын Таласка болгон каттамы токтоп турат.Читать далее
Бишкек шаарында курулуш учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болгон объектинин курулушу токтотулду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан Тыналиев/ Ахунбаев дарегинде жайгашкан көп батирлүү турак жайларды куруп жаткан «Беш Сары» ЖЧКсынын курулушу шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана курулуш ченемдерин сактоо […]Читать далее