Бүгүн, Алымбек датка этно борборунда Санкт-Петербург жана Ош шаарынын ортосундагы боордоштук мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата Санкт-Петербург шаарынын кооз жайларын, туристтик дараметин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү өттү. Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсүнө ылайык, көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегация, […]Читать далее
Күн мурун Бишкектеги №2 төрөт үйүндө үч эм — үч кыз төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ымыркайлар 33 жумалык болуп төрөлгөн. Кыздардын салмагы 2 кг 140 гр, 1 кг 940 гр жана 1 кг 545 гр. Эне 26 жашта жана бул анын үчүнчү төрөтү. Үй-бүлөдө үч бала бар. “Бүгүнкү күндө алар […]Читать далее
Ленин районунун аймагында Новопавловка МАБда акысыз мектеп автобустары жүрүп баштады. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, аталган аймакта 4 мектеп жана 4 бала бакча жайгашкан. Дача-Су, Учкун, Учкун-2 айылдарында окуган окуучулардын саны 2000ден ашат. Аталган райондордогу мектептердин жоктугуна байланыштуу окуучулар Манас айылындагы “Ат-Башы” мектеп-лицейинде 3 – 7,5 чакырым алыс аралыкта билим алышат. Ленин муниципалдык администрациясы менен […]Читать далее
Күн мурун Президент Садыр Жапаровдун Германияга болгон расмий иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Германиянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара Берлин шаарында болуп, Кыргызстандын жана Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана экономикалык байланышты өнүктүрүүгө багытталды. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев катышуучуларга Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү жана инвестициялык потенциалы […]Читать далее
Чүй районундагы Искра айылында 12 мектеп окуучусу таттуудан ууланды. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 27-ноябрда Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынын 12 жаштан 16 жашка чейинки 12 мектеп окуучусу тамакка ууланган деген диагноз менен кайрылышкан. Алардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Учурда балдардын абалы туруктуу. Бул факты катталып, иликтөө иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 27-ноябрда саат 11:00дөр […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жол коопсуздугу жаатында рейд өткөрүлдү. Башкармалыктын маалыматына ылайык, рейд учурунда жол эрежелерин одоно бузган 3 миң 52 айдоочу аныкталды. Анын ичинен: мас абалында унаа башкарган 47 айдоочу; тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 140 айдоочу; ылдамдыкты ашырып айдаган 466 айдоочу; каршы тилкеге чыгып […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов көрүнүктүү окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери маркум Эрнст Акрамовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Ал өз сөзүндө кыргыз медицинасы чоң жоготууга учураганын айтып, Эрнст Акрамовдун өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи. “Медициналык кесип эң асыл жана жоопкерчиликтүү кесиптердин бири. […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 30-ноябрында күндүз жана 1-2-декабрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүүсү күтүлүүдө. […]Читать далее
Бүгүн Бишкектеги Ак-Босого жаңы конушунда 140 орунга эсептелген №24 бала бакчанын, Калыс-Ордо конушундагы №29 жана Келечек конушундагы №27 бала бакчалардын ачылыш аземи өттү. Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты. Айбек Жунушалиев өз куттуктоо сөзүндө бала бакчалардын ачылышы жаш муундардын өнүгүшүнө […]Читать далее
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Андарак, Комунна жана Искра айылдары таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маадыматка ылайык, аталган айылдардын таза суу системасын долбоордук-сметалык документациясы иштеп чыгарылып, мамлекеттик экспертизадан өткөн. Азыркы учурда жалпысынан 24 чакырым ичүүчү суу түтүктөрү, 1000 м3 резервуар реконструкциядан өтүп, каптаждык […]Читать далее