Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат сатып жаткан ирандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Иранда өндүрүлгөн ири өлчөмдө баңгизат каражаттардын туруктуу транзит каналын тапканга жана бөгөт коюуга багытталган атайын операциясын ийгиликтүү өткөрүштү. Аталган баңги топтун баңгизат каражаттарды жеткирүү маршруту Ирандан Афганистанга, андан […]Читать далее
Жетим-Тоо кени тууралуу жалган маалымат боюнча кармалган “Полит Узниктин” администратору Ырыс Жекшеналиев Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Биринчи май райондук сотунун чечими менен 19 жаштагы блогер тергөө абагына 14-октябрга чейин киргизилди. Эскерте кетсек, “Полит Узник” баракчасына жарыялаган маалымат боюнча кылмыш иши козголуп, анын админстратору Ырыс Жекшеналиев ИИМдин тергөө кызматына чакырылган. “Полит Узник” баракчасындагы жарыяланган эски видео […]Читать далее
Бүгүн Бишкекте брифингдин жүрүшүндө саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков жасалма диплом менен иштеп жүргөн дарыгерлер боюнча үн катты. Министрдин милдетин аткаруучу окубаган медицина кызматкерлердин ишмердүүлүгүн элестете албай турганын белгиледи. “Башка тармак болсо бир жөн, бирок дарыгер медицинаны билиши жана түшүнүшү керек. Бекеринен бизде окуу 6 жылга созулуп, андан кийин аспирантура жана ординатура эмес […]Читать далее
Бүгүн, 16-августта Ак-Суу районуна 14 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлугүнөн билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 42 млн сомду түзгөн атайын техникалар Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун, жергиликтүү бюджеттин, Жаратылышты коргоо фондунун каржылоосу менен алынган. Ошондой эле “Айыл банк” аркылуу лизингге жана “Хельветас” долбоору аркылуу алынган техникалар да бар. 1. Дан өсүмдүктөрүн себүүчү 6 катарлуу […]Читать далее
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 15-августта Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен жолугушту. Акыйткачы институтунан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Атыр Абдрахматова Кыргызстандын аймагында адам укуктарын коргоо жаатында институт тарабынан аткарылып жаткан иштер, КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын өлкөдөн тышкары жерлерде коргоо боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. Элчи Саид Харраз өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы […]Читать далее
Муфтий Замир Ракиев 15-августта Бишкектеги имам Сарахсий мечитинде айымдарга президент Садыр Жапаров тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аял затынын исламдагы ордун түшүндүрдү. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, жоолуктар муфтияттын алдындагы Хадижа айымдардын окуу борборунун лидерлери жана окуучуларына берилген. Саамалыкка КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гульназ Исаева катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны […]Читать далее
Аламүдүн районунда 21 жаштагы кыз Ала-Арча суусуна түшүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Арча эс алуу жайында Ала-Арча суусуна 2001-жылы туулган Т.Г. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 18:20да аталган жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.Читать далее
Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагында 2022-жылы 12-августында суюк азот өндүрүүчү завод ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба долбоолорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, суюк азот малды жасалма жол менен уруктандырууда колдонулат. Жаңы ишкана суткасына 312 литр суюк азотун чыгара алат, ал түштүк аймактарды камтыйт. Ал эми 2021-жылы сентябрда ушундай эле завод түндүк аймактар үчүн Чуй […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда президенттин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 39 жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун алкагында кызматташуу талкууланды. Мында […]Читать далее
8-14-август аралыгында Чүй районунун аймагында “Кара куурай” коддук аталыштагы ыкчам алдын алуучу иш-чаранын 2-этабы өткөрүлдү. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Чүй районунун Арал айыл өкмөтүнүн айыл башчысы менен биргеликте Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Арал айылынын чыгыш тарабында жайгашкан аймакта жапайы өскөн кара куурай орулуп, тазалоо иш-чаралары өткөрүлүп, болжол менен 200 […]Читать далее