Ак-Суу районуна 42 млн сомдук 14 атайын техника тапшырылды

 Ак-Суу районуна 42 млн сомдук 14 атайын техника тапшырылды

Бүгүн, 16-августта Ак-Суу районуна 14 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлугүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 42 млн сомду түзгөн атайын техникалар Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун, жергиликтүү бюджеттин, Жаратылышты коргоо фондунун каржылоосу менен алынган. Ошондой эле “Айыл банк” аркылуу лизингге жана “Хельветас” долбоору аркылуу алынган техникалар да бар.

1. Дан өсүмдүктөрүн себүүчү 6 катарлуу Ozdoken маркасындагы агрегат Отрадное айыл өкмөтүнө;

2. Айдоо жерлерин жамгырлатып сугаруучу агрегат Отрадное айыл өкмөтүнө;

3. SHANTUI SL50WN маркасындагы жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тонна болгон фронталдык погрузчик Жайыт комитети ассоциациясына;

4. 14кубдук таштанды чыгаруучу атайын техника Челпек айыл өкмөтүнө;

5. Самосвал HOWO автомашинасы Теплоключенка – Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТСине;

6. Dongfeng маркасындагы таштанды чыгаруучу атайын техника Теплоключенка – Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТСине;

7. Эксковатор-Погрузчик JCB 3 CX Site Master Теплоключенка – Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТСине;

8. JP 800 айдоо жерлерин жамгырлатып сугаруучу агрегат Тепке айыл өкмөтүнө -2 даана, Ак-Чий айыл өкмөтүнө -1 даана, Октябрь айыл өкмөтүнө -1 даана, Каракол шаарына -1 даана, Челпек айыл өкмөтүнө -1 даана, Кара-Жал айыл өкмөтүнө -1 даана тапшырылды.

Связанный пост