Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 118-чакырымында 3-7-октябрь күндөрү жүргүзүлөт. “Иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта. ИИМдин […]Читать далее
Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында эки кабаттуу мечиттин ачылышы болуп өттү. Муфтияттан кабарлашкандай, ачылыш аземге муфтий Замир кары Ракиев, муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдинов, Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Учкун айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Эркинбек Өмүрзаков, мечиттин салынышына демөөрчүлүк кылган Сауд Аравия өлкөсүнүн жараны Насыр Ибрахим аль-Хужейлян жана айыл тургундары катышты. […]Читать далее
Жалал-Абал облусунун Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете элек балдардын укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу фактысы аныкталган. Алсак, Сузак районунун тургуну, 1994-жылы төрөлгөн Э.К Сузак РИИБнүн кызматкери болгондугуна карабастан, Базар-Коргон районунун тургуну, 2005-жылы төрөлгөн жашы жете элек К.Х менен баш кошушкан. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р окуган. […]Читать далее
28-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22; Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында […]Читать далее
Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жыгач устундуу […]Читать далее
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 29-сентябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин шаардын борбордук бөлүгүнө таза суу берүү токтотулат. Муздак сууну убактылуу өчүрүү Т.Молдо суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу. Өчүрүү аймагы: Панфилов, Фрунзе, Манас, темир жол линиясы, анын ичинде: – Манас пр. “55 дарегиндеги Россия Федерациясынын Элчилиги; – Бөкөнбаев көчөсү №153 дарегиндеги №70 […]Читать далее
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда алдын ала маалымат боюнча, Баткенде 618 үй талкаланган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. Анын айтымында, учурда атайын түзүлгөн комиссия келтирилген чыгым жана зыянды эсептөөдө. “Облуста 618 үй талкаланган, анын 453ү кайра курулат. Ал эми 165 үй толук ремонтко муктаж”, – дейт ал. Алимбаев Баткендеги бардык […]Читать далее
Баткен облусундагы жабыркаган имараттарды, үйлөрдү тактоо боюнча ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда чек арадагы куралдуу чыр-чатактын кесепетинен бардык өрттөнгөн коомдук жайлар, ишканалар, имараттар, айрыкча жергиликтүү тургундардын талкаланган үйлөрү, уурдалган мүлктөрү такталууда. Келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу […]Читать далее
Баткенде талкаланган үйлөр тазаланып, курулушка даярдалууда, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Сай жана Лейлектин Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарына караштуу айылдарда талкаланган үйлөрдү бузуп, тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрдүн өздүк курамы тартылды. Учурда алар 2022-жылдын 26-сентябрынан тарта кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунан улам жашоого жараксыз болуп калган […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын базасында КР министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматтык иттер менен кинологиялык биринчиликке Биринчи көп түрдүү мелдештин ачылыш аземи болуп өттү. Бажы кызматынан билдиришкендей, иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүүдө. Мелдешке Мамлекеттик бажы кызматынын, КР УКМКнын Чек ара кызматынын, КР ИИМнин жана КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кинологиялык […]Читать далее