Кыргызстанда кинологиялык бөлүмдөрдүн арасында биринчи көп түрдүү мелдештер өтүүдө

 Кыргызстанда кинологиялык бөлүмдөрдүн арасында биринчи көп түрдүү мелдештер өтүүдө

Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын базасында КР министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматтык иттер менен кинологиялык биринчиликке Биринчи көп түрдүү мелдештин ачылыш аземи болуп өттү.

Бажы кызматынан билдиришкендей, иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Мелдешке Мамлекеттик бажы кызматынын, КР УКМКнын Чек ара кызматынын, КР ИИМнин жана КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кинологиялык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери катышууда.

Төмөнкү категориялар боюнча сынактарды өткөрүү пландаштырылууда:

  1. “Жүк салуучу жайдан баңгизаттарды издөө”;
  2. “Жүк ташуучу унаалардан баңгизаттарды издөө”;
  3. “Жеңил унаалардан баңгизаттарды издөө”;
  4. “Тил алуу”;
  5. “Бөлмөдө баңгизаттарды издөө”.

Иш-чара 29-сентябрга чейин уланат. Мелдештин жыйынтыгы боюнча номинациялар боюнча байгелүү орундарга ээ болгон катышуучулар кубок жана медалдар менен сыйланат.

Связанный пост