Көрктөндүрүү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы менен биргеликте курулуш объектилеринде рейддердерди өткөрүүдө. Бул тууралуу баш калаанын мэриясынын пресс-борбору билдирди. Инспекция көбүнчө дөңгөлөктөрүн топурактан тазалабай курулуш объектисинен айдап чыккан курулуш уюмдарынын оор жүк ташуучу унааларынын жол курулуштарынын бузулушуна жана жолдорду булгаганына байланыштуу мыйзам бузууларды каттап келет. Рейддин жүрүшүндө 20 компания […]Читать далее
«Манас эл аралык аэропорту» ААКнун маалыматы боюнча, Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө. 2023-жылдын 30-апрелинен тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда, натыйжада Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйөт. «Манас» аэропортунан Россиянын «Внуково» аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.Читать далее
Ош шаарынын конокторун шаардын кире беришинде жоогазын гүлдөрү тосуп алышат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан шаар аймагына 10 миң түп жоогазындын бир нече түрү отургузулду.Читать далее
Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун протоколдук тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы Ош шаарында 9 жаңы коомдук транспорт аялдамасы орнотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматына караганда, аялдамалар “Коопсуз шаар” долбоорунун нормаларына ылайык шаардын төмөнкү даректерине курулат. Алар Ленин көчөсү (Резиденция), Касымбеков […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык калаадагы Алымбек-Датка жана Каныкейдин эстеликтерин толук оңдоп түзөөдөн өткөрүү жумуштары башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт. Учурда долбоор даярдалып, жумушту жасоочу компания тендерден аныкталган. Алгач Алымбек-Датканын, андан соң Ош районундагы Каныкейдин эстелигинин айланасы толук жасалат. Мында эстеликтердин урап, сынып калган таштары, жазуулары жаңыланат. Айланасы […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясы жана инновациялык технологиялар эл аралык университети экобатл өткөрөт. Иш-чара курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерине көңүл буруп, мектеп, студенттик, эксперттик жана коомдук чөйрөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү активдүү талкуулоону уюштурууга багытталган. Катышууга билим берүү мекемелеринин же коомдук уюмдардын, кыймылдардын командалары чакырылат. Батлдын акыркы этабы 2023-жылдын 22-23- май айында өтөт. Иш – чаранын максаты-мектеп окуучуларын, студенттерди, […]Читать далее
2023-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2023-жылдын 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү. Белгилей кетсек, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз […]Читать далее
Бүгүн, 3-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир эле учурда үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку “балага сүйүнчү” төлөмүн берүү сунушун камтыган токтом долбоору каралды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Аталган демилге Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков […]Читать далее
2023-жылдын 30-мартында болжолдуу таңкы саат 5:30 чамасында белгисиз адамдар 2 арстандын балдарын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Бугу-Эне коомдук фондунун (зоопаркына) алдына таштап кетишкен. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл – Нарын регионалдык башкармалыгынан билдиришти. Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Бугу-Эне коомдук фондунун кызматкерлери менен […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Нурбек Кадыровдун жетекчилиги астында шаар тургундарынын ден соолугун чыңдоо боюнча координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Күн тартибинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук эмдөө календарынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маселе каралды. Иш-чаранын жүрүшүндө мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Н.Закиров, саламаттыкты сактоонун шаардагы […]Читать далее