Белгисиз адамдар арстандын балдарын Караколдогу зоопарктын алдына таштап кетишти

2023-жылдын 30-мартында болжолдуу таңкы саат 5:30 чамасында белгисиз адамдар 2 арстандын балдарын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Бугу-Эне коомдук фондунун (зоопаркына) алдына таштап кетишкен. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл – Нарын регионалдык башкармалыгынан билдиришти.
Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Бугу-Эне коомдук фондунун кызматкерлери менен биргеликте жеринен акт түзүштү. Арстандын балдарына ветеринардык кароо жүргүзүлүп, абалдары жакшы эмес экени, тактап айтканда – бирөсүнүн арткы буттары иштебей жатканы аныкталды. Аталган жаныбарларга толук кандуу реабилитациялык иштери жүргүзүү үчүн тиешелүү жака өткөрүлүп берилет.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган жаныбарларды кимдер таштап кеткен боюнча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына башкармалык тарабынан кат жолдонду.

Связанный пост