Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын 23-июнуна карата “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында үй тибиндеги 31 бала бакча ачылып, аларга 700гө жакын бала барып жаткандыгын маалымдайт. Кыска мөөнөттүү окуудан өткөн 504 адам мектепке чейинки билим берүү […]Читать далее
Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 26-июнда Ош-Сургут-Ош багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттамын аткарып, муну менен Кыргызстандан Орусияга туруктуу каттамдардын санын дагы көбөйдү. Каттамдар Airbus A320 учактары менен жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат. Эске салсак, Utair авиакомпаниясы бул каттам боюнча каттамдарды жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарат.Читать далее
Бишкекте жугуштуу ооруулар көбөйүп, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында бейтаптардын саны эки эсеге көбөйдү. Аталган шыпааканага буга чейин күнүнө 170ке чукул ооруулар кайрылса, азыр болжол менен 300-350гө жетет. Алардын 80 %ы жаш балдар. Көбүнчөсү ич өткөк, курч ичеги инфекциялары, энтеровирустук инфекциялар жана суу чечек, кызылча менен ооругандар дагы бар. Дарыгерлердин айтымында жыл сайын ушул мезгилде […]Читать далее
Билим берүү министрлигинин USAIDдин “Окуу Керемет” долбоору менен биргеликте уюштурулуп жаткан “Мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш-чараларынын мазмуну жана уюштуруусу” аттуу форумга Билим берүү департаментинин директору жана райондук билим берүү борборлорунун жетекчилери катышты. Форумда КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Ашымбаева Токтобүбү сөз сүйлөдү. Форум жалпы билим […]Читать далее
Туристтик мезгил учурунда көзөмөл күчөтүлөт. Ысык-Көл облусуна Бишкектен 34 кызматкер жөнөп кетти. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Туристтик мезгил учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагына Бишкек шаарынан милициянын кайгуул кызматынан 34 кызматкер, 14 экипаж иш-сапары менен жөнөп кетишти. Мындан ары да Ысык-Көл облусуна чет өлкөдөн келген туристтердин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Алматы шаарында Борбор Азия өлкөлөрү жана Россиянын коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты. Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын регионалдык коопсуздугунун кызыкчылыктарына да зыян келтириши мүмкүн болгон региондогу өлкөлөрдүн коопсуздугунун учурдагы бир катар чакырыктарын жана коркунучтарын белгиледи. Ошондой эле, бул жолугушуу өткөн жылдын октябрь айында Астана шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин […]Читать далее
Бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы кызматынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «РСК Банк» ААК менен биргеликте бажы төлөмдөрүн реалдуу убакытта накталай эмес жол менен төлөөнү ишке киргизди. Жаңы төлөм ыкмасы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына бажы төлөмдөрүн “РСК Банк” ААКтын интернет-банкинги аркылуу төлөөгө мүмкүндүк […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:08де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Сузак районунун Таралча, Канжыга айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын шарттарын бузгандыгы үчүн 48 катышуучу байгелердин утушуна катышуу укугунан ажыратылды, алар топтогон ID–номерлердин бардыгы жокко чыгарылат. Лотереянын шарттарын жана эрежелерин бузган лотереянын 48 катышуучусу байгелердин утушуна андан ары катышуудан четтетилгендиги жана дисквалификациялангандыгы жөнүндө кабарланды. Эскерте кетсек, лотереянын шарттарына ылайык, лотереянын операторунун жана уюштуруучусунун кызматкерлеринен тышкары, 18 жашка толгон керектөөчү гана лотереянын катышуучусу боло алат. […]Читать далее
Бүгүн, 26-июнда Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотууну баштады. Утуш 1-июлга чейин улантылат. 26-июндан 30-июнга чейин 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат. Тактап айтканда, күн сайын 234 адам баалуу байгелердин ээси болушат. Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. […]Читать далее