Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги жыйын өткөрүп, анда жерлерди трансформациялоо маселелери талкууланды. Алсак, Министрлер Кабинетинин чечими менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жерлер «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай багытындагы жерлер» категориясына которулду. Логистикалык борбордун курулушу регионго башка инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берип, жаңы ишканалардын ачылышына, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жергиликтүү […]Читать далее
28-июнь күнү Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленип жаткандыгына байланыштуу, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады. Аталган майрамдык иш-чарада коомдук тартипти сактоого республика боюнча 6 миңге жакын кызматкер тартылат. Ошондой эле, 1 миңден ашык […]Читать далее
2023-жылдын 20-июнунда Бишкектеги Шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди, бир уул жана эки кыз. Биринчи наристе 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн. Бул 33 жаштагы Чъй облусунун тургунун экинчи кош бойлуулугу. Төрөт мөөнөтүнөн мурда 33-жумада болгон. Төрөлгөндө ымыркайлар 3 күн реанимация жана […]Читать далее
2023-жылдын 22-июнь күнүнөн тартып Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен Ноокат районунун аймагында “Кара-Куурай” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады. Аталган райондун Гулистан, Абдулхай Мирмахмудов жана Төрөбай Зулпуев атындагы айыл аймактарда каналдардын, дренаждардын жээктеринде, айдоо жерлердин четинде жапайы өскөн кара куурайлар жулунуп, атайын белгиленген калктуу […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен бирге жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда. Ленин райондук комиссиясында 153 материал каралып, анын ичинен 126 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 27си тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөөгө жылдырылды. Ленин райондук комиссия иш баштагандан бери жалпысынан […]Читать далее
Борбор калаанын мэриясы Бишкек шаарында “Бир айыл – бир продукт” Элдик экономикалык (БАБП) долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Иш-аракеттер планы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) консультациялык колдоосу менен иштелип чыккан. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды камтыйт, инвесторлорду жана ишкерлерди БАБП маркасындагы продукцияларды өндүрүү жана […]Читать далее
Кечээ, 26-июнь күнү КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы тарабынан шаарда жайгашкан эс алуучу жайларда жана бессейндерде текшерүү, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Натыйжада суу коопсуздук эрежелерин жана башка нормаларды сактабаган эс алуучу жайлардын, бассейндердин персоналдарына, ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтер боюнча эскертүүлөр берилди. Коюлган кемчиликтерди аткарбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүү каралары маалымдалды. Түшүндүрүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев мамлекетибизде чыгарылган жана башка чет – өлкөлөрдөн алынып келинген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун Ош облусунун шартында сынап, ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөн өсүмдүктөрдүн жыйынтыгы менен жеринде танышты. Облус башчысы дыйкандарды жаңы сапаттагы үрөндөр менен камсыз кылуу, айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, продукциянын сапатын жакшыртуу жана экологиялык таза […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын беш айында райондук жана шаардык иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 6,1 миң адам ишке орноштурулган. Жергиликтүү жамааттардын аймактарын көрктөндүрүү боюнча акы төлөнүүчү коомдук жумуштар жана кесиптик окутуу рыноктогу оорчулукту жеңилдетүүнүн натыйжалуу механизми болуп саналат. Бул чаралар менен беш айдын ичинде 7,5 миң адам камтылган.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору Европа союзунун өлкөлөрүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча «Евро-Виз» ЖАК (Литва) менен макулдашууга кол койду. Макулдашуунун максаты Швециянын, Франциянын жана Литва Республикасынын ишканаларында жумуш издеген жарандарга сапаттуу жана ишенимдүү иш менен камсыз кылуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө курулуш адистиктерине, оор жүк […]Читать далее