Италиялык режиссёрду кыргыздын салт-санаасы кызыктырды

Италиялык документалист жана Италиядагы телеканалдар тармагынын ээси Марио Джани Кыргызстанга биринчи жолу келди. Видеооператор менен бирге Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан уюштурулган Кыргызстан боюнча саякатка чыгышкан.

Италиялык документалист жана продюсер Марио Джани өзүнүн тасмаларын жарым кылымдан ашык убакыттан бери тартып келет, бул убакыттын ичинде ал бүткүл дүйнөнү кыдырган, бирок, кыргыздардын салттары, жашоосу менен жакындан биринчи жолу таанышып жатат.

Кыргызстанга 10 күнгө италиялык тасма тартуу тобу келди, алардын негизги милдети республикада жашаган элдин каада-салты жана маданияты тууралуу даректүү тасма тартуу болгон.

Марио Джани жана анын операторлор командасы буга чейин Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Кызыл-Туу айылында болуп, боз үйлөрдүн, шырдактардын жасалганын көрүшкөн. Алар Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу “Royal Gate” маданий эс алуу борборунун бозүйлөрүндө жайгашып ал жакка жакын Сказка каньонунан саякатын башташты. аянтында түнөшкөн. Италиялык документалист режиссёр карапайым үй-бүлөлөр менен баарлашып, уйлардын кантип саалып, койлор жайылып жатканын тасмага тартып жөнөкөй айылдагы турмушту тартып жатышат. Курут, кымыз кантип жасалат экенин, боорсоктун бышырылганын, нандын жапканын, улуттук тамактар жасалганын көрүп даамдап, суктанып жатышат.

Ысык-Көлдөн кийин Марио Джанин командасы Соң-Көлгө барып, көчмөндөрдүн маданияты менен таанышууну улантууда.

Связанный пост