Ош облусунда буудайдын 116 сорту сыноодон өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев мамлекетибизде чыгарылган жана башка чет – өлкөлөрдөн алынып келинген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун Ош облусунун шартында сынап, ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөн өсүмдүктөрдүн жыйынтыгы менен жеринде танышты.
Облус башчысы дыйкандарды жаңы сапаттагы үрөндөр менен камсыз кылуу, айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, продукциянын сапатын жакшыртуу жана экологиялык таза айыл чарба системасын түзүү негизги багыттарынын бири экенин баса белгилеп, сыноодо жакшы натыйжа берген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жайылтуу жана калкты экологиялык таза дан азыктары менен камсыздоо боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.
Мындан сырткары «Таширов» айыл чарба үрөнчүлүк кооперативине барып, чарба тарабынан жаңы сорттогу себилген үрөндөрдүн сапаты жана техникалык базасы менен танышты.
Кооперативдин жетекчиси Зарипбек Жоошбеков пахтанын эгиндерин өстүрүүдө ар бир гектардан алынып жаткан түшүмдүүлүгү жылдан-жылга алдыңкы агротехникалык ыкмалардын негизинде 40-45 ц/га көбөйүп жатканын, кылкандуу дан экиндери 47-65 ц/га чейин жогорулап жаткандыгын жана кооперативдин техникалык-материалдык базасын чыңдоо менен заманбап техникаларды алып келүү жана дыйкан-фермерлерды сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылып жаткандыгын билдирди.
Жыйынтыгында Эльчибек Джантаев үрөндүн натыйжалуулугуна ыраазычылык билдирип, оруп жыйноо иштерине ийгилик каалап, келерки жылдын эгиндерин пландаштырууда продукцияга суроо-талаптарды, рыноктогу керектөөчүлөрдү жана башка бардык факторлорду анализдеп дыйкандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү иштерин алып баруу тапшырмасын тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө берди.
Жылына Кара-Суу МССТда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 100-200 сорту сыноодон өтөт.
Быйылкы жылы 116 сорт сыноодон өтүүдө, анын ичинен;
• Күздүк буудайдын 35 сорту
• Жазгы буудайдын 6 сорту
• Жазгы арпанын- 15 сорту
• Жүгөрүнүн 40 гибриди
• Пахтанын 20 сорту.

Связанный пост