Ош: ӨКМ кызматкерлери суу объектилеринде коопсуздук чараларын текшерүүдө

Кечээ, 26-июнь күнү КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы тарабынан шаарда жайгашкан эс алуучу жайларда жана бессейндерде текшерүү, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Натыйжада суу коопсуздук эрежелерин жана башка нормаларды сактабаган эс алуучу жайлардын, бассейндердин персоналдарына, ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтер боюнча эскертүүлөр берилди.

Коюлган кемчиликтерди аткарбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүү каралары маалымдалды.

Түшүндүрүү иштери жайкы сууга түшүү мезгилинде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, сууга чөгүүнүн алдын алуу, санитардык нормаларды сактоо, өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, жашы жете элек балдардын сууга чөгүүсүн болтурбоо максатында уюштурулууда.

Связанный пост