Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Сауд Арабиялык Flynas авиакомпаниясы Джидда-Бишкек-Джидда багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда. «Манас» эл аралык аэропортунан Джидда шаарына үзгүлтүксүз каттамдар биринчи жолу аткарылат. Жаңы багыт боюнча каттамдар жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.Читать далее
Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери биргеликте шаар тургундарынын арасында кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу максатында жеке менчик косметология, сулуулук салондор, ийне саюучу, хижама бөлмөлөрүндө АИВ/СПИДге, гепатитке каршы санитардык – гигиеналык эрежелердин, эпидемиологиялык ченемдердин аткарылышы боюнча рейд жүргүзүштү. Текшерүү учурунда 8 косметологиялык салон залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы аныкталып, […]Читать далее
“Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун алкагында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Астана шаарынын мэри Женис Касымбек менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев да катышты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар шаарлар ортосундагы алаканы чыңдоо, Бишкек шаарынын мэриясы менен Астана акимчилигинин ишмердүүлүк чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы бир катар облустарда мунайзаттарды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактыларын аныктады. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 25 миң 543 литр күйүүчү май тартып алынды. Алсак, Ош облусунда май куюучу жайдын аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталган. Ошондой эле, продукцияга коштомо документтердин жана контролдук пломбалар жок болгон. 15 миң 400 литр күйүүчү май тартып алынды. Чүй облусунда Казакстан Республикасынан продукция ташыган транспорт каражаттардан түздөн-түз куюп […]Читать далее
№79 мектепте борбор калаанын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев менен Арча-Бешик конушунун калкынын жолугушуусу өттү. Жыйынга ошондой эле «Бишкексууканал» ӨЭБнын, «Тазалык» МИнын, ЖКнын «Бишкексуучарба» МИнин, Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар суу көйгөйүн биротоло чечүү үчүн жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу, тургундардын өздөрү тарабынан баш аламан тартылган түтүктөрдү иретке келтирүү маселелерин талкуулашты. […]Читать далее
“Кармалган Улан Жапаров боюнча, ал чындап эле Мамлекет башчысынын тууганы экенин билдиребиз”, – деп соцтармактагы баракчасына Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө. “Муну билген соң Президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок […]Читать далее
Алты айдын ичинде Свердлов районунун администрациясына жазуу жүзүндө 996 арыз келип түштү. Жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизги тематикалары турак жай-коммуналдык чарба жаатына тиешелүү болгон. Көрсөтүлгөн убакыт ичинде түшкөн 306 арыз жашоочуларды кызыктырган көрктөндүрүү, жер тилкелери, санитардык тазалоо, жолдорду жана тротуарларды оңдоо, контейнердик аянтчаларды тейлөө, ошондой эле транспорт маселелери түзгөн. Материалдык жардам сурап 263 жаран кайрылган, […]Читать далее
Орозбек Шарабидин уулу Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Дайындоо КРнын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 22-пунктуна ылайык жүргүзүлдү. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Шарабидин уулу Орозбек Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде билим алган. Буга чейин Кыргыз Улуттук “Кабар” маалыматтык агенттигинде, “ЭлТР” МТРКсында эмгектенген.Читать далее
Акыркы маалыматтарга таянсак, быйыл суу кырсыгынан 52 адам каза болду. Сууга чөккөндөрдүн катарында эркек, аял, өспүрүмдөр ал тургай, наристелер да бар. Өткөн жылга салыштырмалуу бул сан 25%га өскөн. Тактап айтканда, 2022-жылдын 6-июлуна чейин көлгө, дарыяларга, кичи көлмөлөргө, агын сууларга чөгүп каза болгондордун саны – 39ду түзгөн. Ал эми быйылкы жылдын 27-июнунан 3-июлуна чейинки сандарга көз […]Читать далее
2023-жылы “Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10,8 млрд сом каралган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекеттик стратегиялык энергетика ишканаларынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылы “Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10,8 млрд сом каралган. Ошондой эле 2024-жылга 55,8 […]Читать далее