Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-октябрда, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушуу өткөрдү. Регионалдык жана глобалдык коопсуздук маселелери боюнча, ошондой эле региондо туруктуулукту бекемдөө чөйрөсүндө Европа Биримдиги менен кызматташуунун келечек пландары жөнүндө кеңири пикир алмашуу болду. Марат Иманкулов Евробиримдик Кыргызстандын көз карандысыздыкка ээ болгондон бери системалуу негизде […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасы Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык «Жашыл Мурас» акциясын ишке ашырууда. Өткөн дем алыш күндөрү Аалы Токомбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде “Тазалык” ишканасы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы биргеликте ишембилик өткөрүштү. Белгилей кетсек, ага жалпысынан 300гө жакын студент катышып, 400 мүшөк таштанды чогултулган. Үч айдын ичинде “Тазалык” […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыялады. Биринчи май районуна караштуу Ак-Босого конушунун Чүй көчөсү 52 дарегинде жайгашат. Жер участогунун жалпы аянты- 2,161га. Долбоордо тротуар, велосипед тилкеси,балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы, баскетбол аянтчасы, мини-футбол талаасы, скейтпарк жана велосипедчилер үчүн пандус, көрүүчүлөр трибунасы, унаа токтотуучу жайлар каралган. Сметалык наркы 101 миллион 393 […]Читать далее
29-сентябрда Айыл чарба министрлиги жана Органикалык айыл чарба департаменти тарабынан Бишкек шаарында “Бал – ден соолук булагы” – аттуу бал көргөзмө- жарманке уюштурулду. Жарманке 29-сентябрдан 8-октябрга чейин уланмакчы. Жарманкеде 7 дубандан нукура, табигый кыргыз балынын түрлөрү болот. Баардык каалоочулар бал жарменкесине келип даам татып, өз баада сатып алсаңыздар болот.Читать далее
Бүгүн «Манас» эл аралык аэропортунда Flynas авиакомпаниясынын Жидда-Бишкек-Жидда (Мекке) багыты боюнча биринчи рейсин тосуп алынды. 2023-жылдын 21-августунан тарта Flynas авиакомпаниясы 22 кишилик бизнес-класс салону менен 174 орундуу Airbus 320neo учактары менен Жиддадан Ошко жумасына 3 жолу түз каттамдарды аткарып келет. Жиддага каттамдар жумасына үч жолу болот: шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү саат 00:05те, конуу 08:30да. […]Читать далее
Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен кайрылгандардын жалпы саны 71 адам болуп, алардын 36сы ооруканага жаткырылган. Белгиленгендей, ооруканага жаткырылгандардын 31и чоңдор, алтоосу 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар. “Дарыгерлердин маалыматына караганда, алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бүгүн абалы жакшыргандар үйдөн дарыланууга жөнөтүлөт”,- […]Читать далее
2023-жылдын 6-10-октябрь күндөрү Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Жаштарынын XVII Дельфы оюндары өтөт. Иш-чара конкурстук жана фестивалдык багытта болот. Ага ылайык Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандары катышышат. Алар фортепиано, скрипка, академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, үйлөмө аспаптарда ойноо, көркөм өнөр жаатында, улттук аспаптарда өнөр тартуулап, […]Читать далее
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабы башталгандан берки 3 айдын ичинде катышуучулар “Салык чек” тиркемеси аркылуу 7 млрд сомдон ашык 5,6 млн кассалык чекти сканерден өткөрүштү. Бул мезгилде 45 миңден ашуун адам лотереяга жаңы кошулуп, бүгүнкү күндө катышуучулардын саны 283 миңден ашты. Лотереянын катышуучуларына утушка катышуу үчүн 6,3 млн ашуун ID-номер […]Читать далее
2023-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Тажикстан Республикасынын Улуттук […]Читать далее
Эко-таксилерди ишке киргизүү долбоору шаарда экологиялык таза транспортту өнүктүрүү боюнча Бишкек мэриясынын демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. 2023-жылдын 1-октябрында жаңы экотакси кызматы – Муниципалдык ECO TAXI иштей баштайт. Бул электр энергиясы менен иштеген экологиялык жактан таза жана үнөмдүү транспорт түрү. Биринчи этапта Муниципалдык ECO TAXIнин 10 электр унаасы иштей баштайт. Маршрут схемасы: Киев / Ю.Абдрахманов […]Читать далее