Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. БШКдан билдиришкендей, жолугушууда Тынчтык Шайназаров өлкөдө акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан шайлоо системасын реформалоо жана аралыктан добуш берүүнүн жаңы системасы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле АКШнын Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго, Сан-Франциско жана Филадельфия шаарларында ачылган жаңы 6 шайлоо участкасы жөнүндө маалымдады. Лесли Вигери […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарга алдыдагы майрам – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү иштөө режими тууралуу эскертет. КР Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 7 жана 8-ноябрь мамлекеттик майрам күндөрү болуп саналат. Ошол эле учурда, эмгек мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, майрамдык иш күндөрү жумуштун узактыгы бир саатка кыскартылат. Ведомство 8-ноябрь 6 күндүк иш жүмалыгы менен иштегендер […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборунда жарандык коргонуунун республикалык командалык-штабдык машыгуусу башталды. Мэриядан билдиришкендей, иш-чара жарандык коргонуу органдарынын жана күчтөрүнүн жер титирөө жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга даярдыгын текшерүүгө багытталган. Машыгуу 24-октябрга чейин уланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулууда. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев штаб жыйынында сүйлөп жатып, мүмкүн болгон табигый кырсыктарга системалуу даярдыктын маанилүүлүгүн баса […]Читать далее
Бүгүн, 22-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир тапшырды. УКМКдан маалымдашкандай, буга чейин үй-бүлөсүндө жашы жете элек балдары бар обончу жана композитор Азиреткуловдун турак жай маселесин жакшыртууга муктаж болгон. Анын көп жыл бою ижарадагы батирде жашап келгени жөнүндө кайрылуусу Жогорку Кеңеш аркылуу Камчыбек Ташиевге жөнөтүлгөн. […]Читать далее
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды унааларын кышкы мезгилге даярдоого чакырат. ЖКККББ бардык айдоочуларга, өзгөчө алыскы жана тоолуу аймактарга каттаган жарандарга, кыш мезгилине байланыштуу төмөнкү чараларды өз убагында көрүүнү эскертет: Унаанын дөңгөлөктөрүн кышкы абалга ылайык алмаштыруу; Кыймылдаткыч майларын өз мөөнөтүндө жаңылоо; Унаанын жалпы техникалык абалын текшерүү жана кышка даярдап коюу. Бул […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропорту нөлдүк көрүнүүдө да каттамдарды кабыл алууну камсыз кыла турган атайын жабдуулар менен жабдылууда. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын Инфратүзүмдүк жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Анын айтымында, нөлдүк көрүнүүдө, туманда, атайын жабдууларсыз аэропорттордо учуу мүмкүн эмес, анткени бул кагылышуу коркунучунан жана багыт алуунун жоктугунан улам өтө […]Читать далее
“Кара-Кече” көмүр кенинен көмүр ташыган айдоочуларга расмий билдирүү таратты. “Кыргызкөмүр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, эгерде “Кара-Кече” көмүр кенинен белгиленген баада алынган көмүр Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан бекитилген чектен жогору сатылганы аныкталса, мындай айдоочулар “Кара-Кеченин кара тизмесине” киргизилип, кийинки жолу кен аймагына кирүүгө тыюу салынат. Учурда кенде көмүр баасы тоннасына 2460 сомду түзөт, ал […]Читать далее
Өзбекстандын Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлигине караштуу Мамлекеттик экологиялык экспертиза борбору менен Беларустун Табигый ресурстар жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине караштуу Республикалык экологиялык экспертиза жана кадрларды кайра даярдоо борбору кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документтин максаты — эки өлкө ортосундагы экология тармагындагы илимий жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана заманбап ыкмаларды практикага […]Читать далее
Бишкекте үч сааттын ичинде айдоочуларга 465 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн таң эрте Лев Толстой жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол тыгынын жөнгө салуу учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 31 айдоочу одоно түрдө жол эрежесин бузганы аныкталды. Алардын баары каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү өндүрүштүк жаракаттан жабыркаган Кыргызстандын жаранына жардам көрсөттү. Ведомстводон маалымдашкандай, Д.А. аттуу жаран кайрылгандан кийин өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан “Консалтинг энд Коачинг” ЖЧКсынын жетекчилиги менен зарыл болгон сүйлөшүүлөр жана иштер жүргүзүлгөн. Натыйжада Кыргызстандын жаранына 1 млн рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди. Белгиленгендей, бул учур Россиядагы мекендештердин эмгек укуктарын жана […]Читать далее