Аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, министрликтин аскердик бөлүктөрүнүн биринде 2025-жылдын февраль айында уставдык тартиптердин жана кызматтык тартиптин одоно бузулушу катталган. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бул факты боюнча министрликтин тийиштүү кызматтарынын катышуусунда ыкчам ички иликтөө […]Читать далее
Бишкектеги Панфилов паркынын аймагына жакын жердеги «Полярная звезда» планетарий жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Атайын кызматтан билдиришкендей, аталган жер тилкени жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схеманы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мыйзамсыз токтому менен айрым жогорку кызматтагы адамдар аркылуу уюштургандыгы такталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 0,42 гектарды түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча […]Читать далее
Кыргызстанга импорттолуп жаткан жашылча-жемиштердин ар бир партиясы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан бекитилген тартипке ылайык, көп баскычтуу фитосанитардык көзөмөл жана лабораториялык анализдерден өткөрүлүүдө. Бул чаралар өлкө аймагына карантиндик зыянкечтердин жана уулуу заттардын кирүүсүнүн алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлөт. Импорттук продукциялар төмөнкү тартип боюнча текшерилет: 1. Документтик көзөмөл: Жүктүн коштомо […]Читать далее
Россия чет элдиктерге бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин кол койгон жарлыкта айтылат. Маалыматта айтылгандай, Россиянын өкмөтү медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелерин бекитти. Жарлыкка ылайык, бейтаптын өмүрүнө коркунуч туудурган капыстан катуу ооруп, абалы, өнөкөт оорулары күчөгөн учурда чет элдиктерге бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, чет өлкөлүктөргө оорулар, кырсыктар, жаракаттар, уулануулар жана […]Читать далее
Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча — ӨКМдин 86123 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлерине карата офицер тарабынан күч колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кылмыш ишинин козголушуна 11-майда массалык маалымат каражаттарына жарыяланган зордук-зомбулук фактысы жазылган видеотасма себеп болгон. Тергөө Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасына […]Читать далее
Туристтик мезгилдин башталышын утурлай, Ысык-Көл облусунун аймагында унаалардын саны көбөйүп, жол эрежелерин бузуу фактылары көбүрөөк байкалууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мындай фактыларды эске алуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун кооптуу жол тилкелерине дрон учурулуп, анын жардамы менен каршы тилкеге чыккан, алдыдагы унаалардан туура эмес ашып өтүү, озуп өтүү эрежелерин […]Читать далее
Бишкектеги №33 мектеп-гимназияга Казакстандын президентинин атасы Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылды
Бишкектеги №33 мектеп-гимназияга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады. Ал белгилегендей, казак жазуучусу Кемел Токаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси мамлекет башчысы Садыр Жапаровго таандык. Ошондой эле Аскат Алагөзов маалымдагандай, Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө бул жаңылыкты Казакстандын президенти Касым-Жомарт […]Читать далее
Россия Федерациясынын аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге (кара тизмеге) түшүп калган Кыргызстандын жарандары үчүн 2025-жылдын сентябрына чейин өзүнүн укуктук абалын жакшыртып алууга жана тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, буга президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге мигранттардын документтерин […]Читать далее
5 айга кичи автобустардын Бишкек-Ош унаа жолунда каттоосуна тыюу салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, жүргүнчүлөрдү ташыган транспорт каражаттарынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, жүргүнчүлөрдү ташууну жөнгө салуу максатында Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын батыш автобекетинде Төө-Ашуу аркылуу жүргөн Бишкек-Ош, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Талас […]Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарынын “Жеңиш” аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Митингге коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, коомдук ишмерлер, борбордун тургундары жана меймандары катышты. Бишкек шаарынын мэри согуштун ардагерлерин, ооруктун эмгекчилерин жана бардык кыргызстандыктарды Жеңиш күнү […]Читать далее