Энергетика министри Таалайбек Ибраев Душанбе шаарында Борбор Азиядан Түштүк Азияга CASA-1000 электр энергиясын берүү долбоорунун Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты. Ведомстводон маалымдашканда, жыйынга Кыргызстан, Таджикстан, Афганистан жана Пакитан өлкөлөрүнүн энергетика министрлери жана энергокомпаниялардын тийиштүү жетекчилери катышып, CASA-1000 долбоору боюнча банктын эсебин бекитүү, техникалык Кодекс жана башка бир катар маселелер каралды. Отурумдун жүрүшүндө Таалайбек Ибраев CASA-1000 […]Читать далее
Кырсыктарды жана уруксатсыз иш-чараларды болтурбоо максатында курулуш объектилеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптар күчөтүлдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жаңы буйругуна ылайык: коопсуздук боюнча инструктаждан өтпөгөн жана расмий таризделбеген адамдардын объекттерге кирүүсүнө тыюу салынды; курулуш аймагында расмий уруксатсыз иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды; бардык объекттерде өткөрүү режими, жеке коргонуу каражаттары, жардам аптечкалары, […]Читать далее
Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын транспорт министри Лю Вэй менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу “Борбор Азия – Кытай” форматындагы транспорт министрлеринин 2-жыйынынын алкагында өттү. Министр Сыргабаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуунун көлөмү жылдан жылга өсүп жаткандыгын белгилеп, кошумча уруксат кагаздарын алмашууну сунуштады. Мындан тышкары, жолугушууда эки тараптуу эл […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-майына карата 26 жарандардын категориясына 36,2 миң адам табигый жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация алышат. Бул төлөмдөргө 287 миллион 39,1 миң сом багытталган. Салыштыруу үчүн: өткөн жылдын ушул мезгилинде акчалай компенсацияларды алуучулардын саны 36,6 миңди түзгөн. Өмүр бою ай сайынкы стипендия алуучулардын саны — 32 […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-майына карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 308,4 миң адамды түздү. Анын ичинен 196,4 миң балдар “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун, ал эми 112,0 миң адам ай сайынкы социалдык жөлөкпул алышууда. Республика боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү төмөндөгүнү түздү: • “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу –1 411,3 сом, • […]Читать далее
Кечээ, президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргыз-казак элинин ортосуна жик салууга аракет кылган видео тасма тууралуу билдирүү жасады. Анда ал коомчулукту чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырып, бир тууган эки элдин ынтымагы баарынан маанилүү экендигин баса белгилеген. Ал эми мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов интернет айдыңына тараган бул видео тууралуу өлкө башчысы өз оюн так, даана […]Читать далее
2025-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстан боюнча бардык аймактардагы мечит имамдарына стипендия бериле баштады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Бул маанилүү чечим дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында ишке ашууда. “Дин – элдин жүрөгүн, коомдун багытын, жаш муундун рухий дөөлөтүн калыптандырган күчтүү институт. Андыктан, имамдарга берилген бул […]Читать далее
2-июндан 27-июнга чейин Бишкек шаарында 46 мектепте 4450 баланы камтыган мектеп алдындагы лагерлер уюштурулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, лагерлер саат 8:00дөн 14:00гө чейин 20 күн бою иштейт. Мектеп алдындагы лагерлерде балдар ийримдерде жана спорттук секцияларда машыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Иш-чаралар балдардын толук кандуу өнүгүүсүн, алардын коопсуздугун жана жайкы эс алуу учурундагы ыңгайлуулугун камсыз кылуунун алкагында уюштурулат.Читать далее
Сокулук районунда мурдагы чиновниктердин жакын туугандары 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мурдагы кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схеманы колдонуу менен белгиленген тартипте муниципалдык жер тилкелерди ыйгарып алуу фактысын аныктады. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Сокулук районунун […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев таңкы кыдыруу менен ири объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы маалымдады. Биринчи Д.Өмүрзаков атындагы кичи аренага барды. Стадион 5 миң көрүүчүгө ылайыкташкан. Жалпы аянты 15 452 чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттуу жана 50 унаа үчүн унаа токтотуучу жайды камтыган жертөлөсү бар. Арена бир гана спорт […]Читать далее