Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулаган 4 жашар кыз эсине келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Ал белгилегендей, учурда кыздын абалы туруктуу. “Дарыгерлердин көзөмөлү алдында бейтап дарылануусун улантууда”, – деди ал. Эске салсак, 4-апрелде Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган. Алган жаракаттарынан […]Читать далее
Бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Мурас” турак жай комплексиндеги долбоордун үчүнчү этабынын курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Маалыматка ылайык, анда Каныбек Туманбаев бардык курулуш иштеринин талаптары так сакталууга тийиш экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө аймакты көрктөндүрүү иштери жана инфраструктураларды куруу каралган. Унааларды токтотуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, жер үстүндөгү […]Читать далее
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районунда октон жаракат алган аскер кызматкеринин абалынан кабар алып, дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Алай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун реанимация бөлүмүнө барып, бейтаптын абалы менен жеринде таанышты. Ошондой эле бейтаптын жакындары менен да жолугуп, дарылоо […]Читать далее
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтиргендик үчүн айып пулдардын өлчөмү жогорулады. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы кол койгонун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдайт. Жаңы ченемдерге ылайык, тоо текени мыйзамсыз атуу үчүн айып пулдун өлчөмү үч эсеге жогорулап, 300 000 сомду, ал эми элик үчүн 100 000 сомду түздү. Ошондой эле ак жана кара […]Читать далее
Транспорт департаменти айыптардан жана жыйымдардан үч ай ичинде бюджетке 69,3 млн сом түшүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, үч ай ичинде транспорттук көзөмөл пункттары менен станциялык курулмаларда жүргүнчү жана жүк ташуучу 189 миң 396 унаа текшерилди. Транспорттук мыйзамдардын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 609 протокол түзүлүп, 3 млн 562 миң сом […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 1-апрелге карата өлкөдө жана Россия менен Казакстандагы азык-түлүккө болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүздү. Ведомстводон белгилешкендей, мониторингдин жыйынтыгында жумуртка, пияз, күрүч арзандаганы байкалды. Кыргызстанда баалар: сабиз – 1,4 %, кум-шекер – 0,5 %, кой эти (сулп этинен башкасы) – 0,4 %, макарон азыктары (спагетти) – 0,4 […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаты Жамиля Исаева бүгүнкү жыйында прокуратура органдарында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаевадан башка жетекчилик кызматтарда аялдар жок экенин айтты. Буга жооп катары башкы прокурор Максат Асаналиев прокуратура органдарында жетекчилик кызматтарда 12 аял иштеп жатканы тууралуу маалымат берди.Читать далее
2025-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасынын алкагында прокуратуранын 100 кызматкери батирлүү болушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев билдирди. Ал ошондой эле бүгүнкү күндө прокуратура органдарынын 500дөн ашык кызматкери өздүк турак жайга муктаж экенин белгиледи. “Убакыттын өтүшү менен бул маселе акырындап чечилет деп ойлойм”, — деди ал.Читать далее
Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү жана кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдир88 таратты. Маалыматка ылайык, 8-апрелден 10-апрелге чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусунда, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы Көк-Арт […]Читать далее
Бүгүнкү күндө “Бишкек Арена” стадионунун курулуш иштери дээрлик 90 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Ал белгилегендей, “Бишкек Арена” Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири болуп саналат. Мындай масштабдагы спорттук комплексти туруктуу негизде тейлөө жана кармоо олуттуу каржылык чыгымдарды талап кылат. Ушуга байланыштуу стадиондун аймагында “Bishkek Arena Mall” соода […]Читать далее