Борбордук шайлоо комиссиясы Мирлан Жеенчороевге депутаттын бош мандатын өткөрүп берди. БШКдан билдиришкендей, ал № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутат болду. Эскерте кетсек, буга чейин аталган округдан Кубанычбек Конгантиев, андан соң бүгүн Чыңгыз Айдарбеков өз талапкерлигин өткөрүп беришти.Читать далее
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековдун каттоосун жокко чыгарды. БШКдан билдиришкендей, мындай чечим Айдарбековдун талапкерликтен баш тартуу тууралуу арызынын негизинде кабыл алынды. Талапкер аталган арыз менен БШКга бүгүн кайрылган.Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигинен баш тартуу тууралуу арызы БШКга келип түштү. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Ага ылайык, бүгүн Боршайком жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айдарбековдун арызын карайт. Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков №21 көп мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон болчу.Читать далее
2025-жылы “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы беш от казанына жылуулук насосторун орнотуп, натыйжада көмүр жагуу болжол менен 385 тоннага кыскарды. Бул тууралуу Бишкек жылуулук электр борборунда жылытуу мезгилинин жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда айтылды. Мэриянын маалыматында белгиленгендей, жыйында 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү талкууланды. Мэр Айбек Жунушалиев шаар жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөргөндүгүн айтты. […]Читать далее
Курулуш тармагында оң тенденциялар байкалып, көлөмү 29,6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Анда белгиленгендей, дүң жана чекене соода – 12,1%га, ошондой эле айыл чарба – 2,8%га көбөйдү. 2026-жылдын январь-март айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча керектөө бааларынын жалпы өсүшү 3,3%ды түздү. Ошол эле учурда тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 4,3%, алкоголдук […]Читать далее
Кыргызстанда пенсиянын топтомо бөлүгүн пайдалануу тартиби жеңилдетилди. Социалдык фонддон билдиришкендей, эми пенсиялык топтомо каражаттарын ипотекага жана оор ооруларды дарылоого бир нече жолу колдонууга болот. Үлүштүк курулушта каражатты жубайлар да пайдалана алышат (расмий никеде); Шарт: сумма 50 000 сомдон жогору болушу керек; Айрым документтер “Түндүк” аркылуу автоматтык алынат.Читать далее
КР Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасындагы энергетика тармагындагы инвесторлор, өнөктөштөр жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Отурумда акыркы жылдары өлкөдө экономикалык көрсөткүч жогору болгондуктан, электр энергиясын керектөөнүн олуттуу өсүшүнө алып келип жатканы белгиленди. Маселен, акыркы беш жылда электр энергиясын керектөө 25 пайыздан ашкан. Статистика боюнча, электр […]Читать далее
Чек ара аймагына өтүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги №235 токтомуна ылайык, чек ара аймактарында чарбалык иш жүргүзгөн жарандар үчүн өтүү тартиби жеңилдетилди. Эми чек ара аймагында мал жаюу жана айыл чарба жумуштары менен алектенген жарандар тиешелүү мамлекеттик органдардан атайын уруксат кагазын албастан өтө алышат. Жарандар төмөнкү документтердин негизинде өткөрүлөт: Инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документ (паспорт); Жергиликтүү […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендештердин укуктарын коргоо жана эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү багытында активдүү иш алып барууда. Эмгек министрлигинен билдиришкендей, өкүлчүлүк министрлер кабинетинин токтомунун негизинде түзүлүп, анын башкы максаты — Россиядагы кыргызстандыктардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана коопсуз эмгек ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү. Өкүлчүлүк тарабынан 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын мартына чейин төмөнкү иштер жасалган: […]Читать далее
Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектептин курулушу министрлик тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жана “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан бир катар мектептердин курулушуна көзөмөл жүргүзүлдү. Анда курулуш аянтчалары жеринде каралып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү текшерилди. Ошондой эле куруучулар менен инженердик-техникалык маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, […]Читать далее