29-октябрга карата күзгү ным топтоо сугатынын алкагында 194 797 миң гектар жер сугарылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, республика боюнча бардыгы – 254,3 миң га жер каралып, анын ичинен 205,122 миң га жер сугаруу пландалган. Өлкө боюнча күзгү ным топтоо сугаты активдүү жүрүүдө. Ным топтоо сугаттары – өсүмдүктөрдүн вегетация […]Читать далее
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация Ташкент шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин курулуш тармагындагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин 46-жыйынына катышты. Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, анда турак жай курулушу, архитектура жана заманбап технологияларды киргизүү багыттарында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү […]Читать далее
Үч-Коргон ГЭСинин №3гидроагрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган ГЭС Кыргызстандын энергетикалык системасында стратегиялык мааниге ээ. Долбоордун негизги максаты — станциянын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, кызмат мөөнөтүн узартуу, ошондой эле заманбап автоматташтыруу жана технологиялык процесстерди башкаруу системаларын киргизүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө №3 гидроагрегат боюнча иштер жүргүзүлүүдө: №3 гидроагрегатта […]Читать далее
Креативдүү индустриялар паркындагы резиденттердин 2025-жылдагы жалпы кирешеси 516 млн сомго жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Креативдүү индустриялар паркынын директору Канышай Мамытова билдирди. Анын айтымында, Креативдүү индустриялар паркынын негизги артыкчылыгы резиденттер үчүн түзүлгөн атайын салык режими. Тактап айтканда, киреше салыгы, КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ордуна резиденттер квартал сайын киреше салыгын төлөшөт. 2023–2024-жылдары […]Читать далее
Кыргызстанда 2030-жылга чейин 31 миң гектар жерди сугат суу менен камсыздоо жакшырат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстан аймактагы агро-инновациялардын борборуна айланууда. Буга байланыштуу жакынкы келечекте айыл чарба тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү максатында бир нече иш-чаралар аткарылат. Алар: – 38 миң тонна үрөн даярдап, ага […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырды. Ведомстводон белгилешкендей, күздүк буудай — эмгекти сарамжалдуу, түшүмдү мол жана кирешени туруктуу кылуунун ишенимдүү жолу. Эмне үчүн күздүк буудайды тандоо пайдалуу Жогорку түшүмдүүлүк — жогорку киреше Күздүк буудай жаздыкка салыштырмалуу 20% га чейин көбүрөөк түшүм берет. Жогорку түшүм — жогорку […]Читать далее
Жакын арада — ноябрь айынын ортосунда же аягында Бишкекке 95 Yutong автобусунун келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 2-автопаркынын башкы инженери Артур Өмүрзаков “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда адистер Кытайда автобустардын техникалык талаптарга жооп берерин текшерип жатышат. “Ырастоодон кийин жеткирүү башталат. Сапар эки жумага созулат. Андан кийин бажыдан өткөрүү, каттоо […]Читать далее
Бишкек шаарында дагы бир көп кабаттуу үй мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан көп жыл мурда мыйзамсыз курулуп калган көп кабаттуу үйлөрдүн маселесин чечүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Департаменттин директору Эрназарбек Суеркулов Бишкек шаарынын Тимур Фрунзе көчөсү 132 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн […]Читать далее
2025-жылдын тогуз айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Балдар үчүн ишеним телефонуна” 53 871 чалуу катталган. Ведомстводон маалымдашкандай, бул орто эсеп менен суткасына 1 897, ал эми айына 5 985 чалуу түшкөнүн билдирет. Алардын ичинен 2 095 абонент кеңеш же жардам алуу үчүн кайрылган: алардын 869у (41,5%) – балдар, 1 226сы (58,5%) – […]Читать далее
20-октябрдан 26-октябрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 24 566 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анан ичинен: тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 3 117; мас абалында унаа башкаруу – 399; унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 227; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1985; транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу […]Читать далее