Кыргызстанда кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 млрд сом жумшоо пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул “АФОКО” Азия уюму менен эки тараптуу кызматташуунун негизинде мүмкүн болду. Каражат токой чарбасына, анын ичинде кунарсыз жайыттарды жакшыртууга жумшалат. Жайыттарды жакшыртуу жана башкаруу боюнча Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу – “АДАПТ” […]Читать далее
Кыргызстанда майыптуулугу бар жарандардын жеке ассистенттерине 527 млн сомдон ашык акча төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1-майга карата өлкөдө 14 миң 805 жеке ассистент иштейт. Жалпы сумма 527 млн 246 миң 336 сомду түздү (камсыздандыруу жана банк чыгымдарын эске алуу менен). Жалпысынан өлкөдө туруктуу жардамга муктаж 15 125 […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын аймагына кирүүнүн жаңы эрежелери тууралуу эскертет. Ведомствонун маалыматына караганда, Россия өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 30-июндан тартып өлкөнүн аймагына кирүүнү пландаштырган чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Россия аймагына кирүүгө чейин 72 сааттан кечиктирбестен өлкөгө баруунун жана анын аймагында жүрүүнүн (жашоо) максатын көрсөтүү менен мобилдик тиркеме аркылуу тиешелүү арыз берүү талап […]Читать далее
Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Непалдын Катманду шаарында өткөн “Сагарматха Самбаад” эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Динара Кемелова өз сөзүндө Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы негизги демилгелерин, ошондой эле тоо күн тартибин дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүүгө багытталган эл аралык иш-чараларды белгиледи. […]Читать далее
“Асман” авиакомпаниясы “Компас Тур” туроператору менен биргеликте 23-июндан тарта Алматыдан Тамчыга (Ысык-Көл эл аралык аэропорту) жаңы түз каттам ачат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматы кабарлады. Каттамдар жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Жаңы маршруттун артыкчылыктары: – Ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы. Учуу убактысы болгону 1 саат 20 мүнөт. – Жумасына эки […]Читать далее
Токмокто жайгашкан “Касиет” камволдук жип ийрүү фабрикасын жандандыруу жана Ысык-Ата районунда ири тери заводун куруу иштери башталуу алдында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда жүндү жана терини кайра иштетүүдө орчундуу көйгөйлөр бар. “Бул маселени чечүү […]Читать далее
Кыргызстанда 19-майдан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28ºС жана андан жогору болгон учурда болжол менен эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо жүрүүсү убактылуу чектелет. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, мындай чара салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатын көздөйт. Мында максималдуу жалпы массасы 18 […]Читать далее
Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, шаардын борборунда жайгашкан эки кабаттуу имаратты менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталып, бул факт боюнча Профсоюздар федерациясынын жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө туризм тармагынын кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо жана профсоюздук колдоо үчүн имарат Профсоюздар федерациясынын “Кыргызтуризм” башкармалыгына өткөрүлүп берилгени […]Читать далее
Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды колдоо максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдында айыл чарба продукциясын экспорттоого көмөктөшүү боюнча штаб түзүлдү. Ведомстводон маалымдашкандай, штаб министрликтин тармактык башкармалыктарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен түзүлүп, экспорттук продукцияны чыгарууда келип чыккан көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү жана экспорттоочуларга практикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү үчүн […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропортунун IATA коду өзгөртүлөт. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 2025-жылдын 9-августунан тартып “Манас” эл аралык аэропорту өзүнүн үч тамгадан турган IATA кодун FRU кодунан жаңы BSZ кодуна расмий түрдө алмаштырат. Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салуучу 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык кабыл алынган. Кодду өзгөртүү чечими 2025-жылдын […]Читать далее