Министрлер кабинети 2024-жылдын жазгы айдап себүүсү үчүн сертификатталган үрөндөрдү сатып алуу үчүн каражат бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайым министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим жаздык айдап себүүсүн толук камдуу өткөрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн артыкчылыктуу сертификатталган үрөндүк материалы менен камсыз кылуу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө […]Читать далее
2024-жылдын 13-15-март күндөрү аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 13 мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13 мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына таянсак, 11нен 13-мартаа чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү түшүү коркунучу жогору аймактар: Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Бишкек — Нарын […]Читать далее
Кыргызстанда 8-марттан баштап электр жарыгын жөнгө салуу иш-чаралары токтотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон кабарлашкандай, анткени аба ырайынын жылышы менен электр энергиянын керектөөсү кыйла төмөндөгөн. “”Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-мартында өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 млн 117 миң кВт. саатты түзгөн, өткөн […]Читать далее
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда оңдоо жана курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аянты 11 268 чарчы метр болгон 3 кабаттуу имаратынын курулушу 1995-жылдан бери, 30 жылдай убакыт бүтпөй келет. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүнчү даражадагы саламаттыкты сактоо […]Читать далее
2024-жылдын 8-мартынан 11-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан эскертишти. Ведомствонун маалыматына таянсак, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүү ыктымалдыгы жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл […]Читать далее
Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Кушубак Шайиев, баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты. Бакытбек Жетигенов Аялзат – үй-бүлөнүн, […]Читать далее
Бишкек шаарында 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды. Муниципалитеттен билдиришкендей, эки айлык борбордун инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, аймагын көрктөндүрүү максатында жарыяланды. Эки айлыктын алкагында көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке […]Читать далее
Кыргызстанда Аял-прокурорлордун ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мындай ассоциация өлкө тарыхында биринчи ирет түзүлүп жатат. Аны түзүүнүн негизги максаты — аял-прокурорлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоо, коргоо, өкүлчүлүк кылуу жана мыйзамдуулукту чыңдоодо, адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууда аял-прокурорлордун ролун жогорулатуу болуп эсептелет.Читать далее
2024-жылдын 6-мартында юстиция министри А.Баетов Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча кызматына барды, анда өздүк курамды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому жана жаткан реформалардын жүрүшү боюнча маанилүү өзгөртүүлөрдү тааныштырды. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаал борборунун директору Ж.Мамбеталиев жана юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу катышышты. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № […]Читать далее