Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл пенсия алуучулардын жалпы саны 28,5 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат кабминдин 4 айдагы иштин жыйынтыгын чыгарган кеңешмесинде айтылды. Маалымдалгандай, 2025-жылдын 1-майына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 807 миң 800 адамды түздү. Белгиленгендей, 2025-жылдын январь-апрель айларында пенсияларды төлөөгө 34,4 млрд сом каражат багытталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу пенсиялык […]Читать далее
Россиянын миграциялык мекемелеринин иштөө убактысы эки саатка узартылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдары бир катар өзгөрүүгө учурады. Жаңычылдыктарга ылайык, үстүбүздөгү жылы Россиянын аймагында жаңы миграциялык эрежелер киргизилди. “Жаңы талаптарга ылайык, бардык чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына 2025-жылдын 30-апрелине чейин Россия Федерациясынын […]Читать далее
2014-жылдан бери өлкөнүн газ инфратүзүмүн өнүктүрүүгө «Газпром Кыргызстан» 33 миллиард сом жумшады. Жаңы райондорду газдаштыруу Башкы схеманын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашырылат. Бул убакыт аралыгында дээрлик 1,5 миң чакырым газ өткөргүчтөр курулду. Газ менен камсыздоого 54 жаңы конуш жана калктуу конуш кошулду, аларда 300 миңге жакын адам жашайт. Газдаштыруунун деңгээли 11 […]Читать далее
2025-жылга карата республика боюнча 5 миң 615 батирдин курулушу аякташы күтүлүүдө. Бул тууралуу минкабдын жылдын 4 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде маалымдалды. Анын ичинде Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда эң көп сандагы батирлер берилмекчи. – Бишкек шаарында – 2 913 батир; – Жалал-Абад облусунда – 1 530 батир; – Нарын облусунда – 433 батир; – […]Читать далее
Кыргызстанда кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 млрд сом жумшоо пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул “АФОКО” Азия уюму менен эки тараптуу кызматташуунун негизинде мүмкүн болду. Каражат токой чарбасына, анын ичинде кунарсыз жайыттарды жакшыртууга жумшалат. Жайыттарды жакшыртуу жана башкаруу боюнча Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу – “АДАПТ” […]Читать далее
Кыргызстанда майыптуулугу бар жарандардын жеке ассистенттерине 527 млн сомдон ашык акча төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1-майга карата өлкөдө 14 миң 805 жеке ассистент иштейт. Жалпы сумма 527 млн 246 миң 336 сомду түздү (камсыздандыруу жана банк чыгымдарын эске алуу менен). Жалпысынан өлкөдө туруктуу жардамга муктаж 15 125 […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын аймагына кирүүнүн жаңы эрежелери тууралуу эскертет. Ведомствонун маалыматына караганда, Россия өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 30-июндан тартып өлкөнүн аймагына кирүүнү пландаштырган чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Россия аймагына кирүүгө чейин 72 сааттан кечиктирбестен өлкөгө баруунун жана анын аймагында жүрүүнүн (жашоо) максатын көрсөтүү менен мобилдик тиркеме аркылуу тиешелүү арыз берүү талап […]Читать далее
Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Непалдын Катманду шаарында өткөн “Сагарматха Самбаад” эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Динара Кемелова өз сөзүндө Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы негизги демилгелерин, ошондой эле тоо күн тартибин дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүүгө багытталган эл аралык иш-чараларды белгиледи. […]Читать далее
“Асман” авиакомпаниясы “Компас Тур” туроператору менен биргеликте 23-июндан тарта Алматыдан Тамчыга (Ысык-Көл эл аралык аэропорту) жаңы түз каттам ачат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматы кабарлады. Каттамдар жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Жаңы маршруттун артыкчылыктары: – Ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы. Учуу убактысы болгону 1 саат 20 мүнөт. – Жумасына эки […]Читать далее
Токмокто жайгашкан “Касиет” камволдук жип ийрүү фабрикасын жандандыруу жана Ысык-Ата районунда ири тери заводун куруу иштери башталуу алдында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда жүндү жана терини кайра иштетүүдө орчундуу көйгөйлөр бар. “Бул маселени чечүү […]Читать далее