Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттары убактылуу жабылат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Кытайда өтчү “Ажыдаар кемеси” майрамына байланыштуу жабылат. “Бекеттер 10-июнь күнү убактылуу жабык болот. Транспорт, жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдү 11-июндан тарта өткөрө баштайт”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Кыргызстандыктар кийинки жумада 3 күн катары менен эс алышат. Бул жылы Курман айт майрамы 16-июнь дем алышка күнгө туура келгендиктен, 17-июнь өлкөдө жумуш эмес күн болуп эсептелет. Курман айт майрамы — мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн соң 70 күндөн кийин белгиленет. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма […]Читать далее
Кыргызстанда 2024-жылдагы Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Белгилей кетсек, өлкөдө бул майрам эс алуу күнү болуп эсептелет. Муфтияттын маалыматына караганда, 15-июнь ишемби күнү арапа. Курман айт майрамы — мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн соң 70 күндөн кийин белгиленет. Ай календарына ылайык, […]Читать далее
“Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда кетип баратабыз. Байкалбаганы менен башыбыздан тарыхый окуяларды өткөрүүдөбүз”, – деп жазды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына. Ал белгилегендей, буга чейин жеке инсандыкты тастыктай турган жарандык паспорттон тарта маанилүү документтердин баары чет өлкөлөрдөн, болгондо да, ар кайсы документ ар кайсы өлкөлөрдөн басылып чыгып келген. Бул мамлекетке каржылык […]Читать далее
Марат Иманкулов ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйынына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы чакырыктар жана коркунучтар жана аларды нейтралдаштыруу чаралары боюнча пикир алмашуу болуп, Уюмду мындан ары өркүндөтүү жана бекемдөө маселелери талкууланды. Марат Иманкулов өз сөзүндө азыркы […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Трудовая көчөсү, 4 дарегинде дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулуш иштерин баштады. Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады. Имарат план боюнча тик бурчтуу формада болот, эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Комплекстин жалпы аянты 1756,20 чарчы метрди түзөт. Комплексте төмөнкүдөй жайлар каралган: […]Читать далее
Бишкек мэриясында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын катышуусунда шайлоо штабы өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда 2024-жылдын 30-июнуна белгиленген Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону өткөрүү маселеси талкууланды. Нуржан Шайлдабекова учурда талапкерлерди каттоо жүрүп жатканын, ал 10-июнга чейин улана турганын билдирди. Андан […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев баштаган делегация Кытайда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, мэриянын адистери атайын жабдууларды алуу үчүн заводдорду кыдырып, сапаты кепилдиги бар ишканалар менен келишим түзүшөт. Мындай иш-аракеттер ортомчусуз керектүү жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берет. Алсак, «Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын паркын […]Читать далее
Бишкекте Сауд Аравиясынан Кыргызстанга 25 тонна курма өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, курмалар социалдык мекемелерге, атап айтканда карылар жана балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана бейөкмөт уюмдарга бөлүштүрүлөт. Белгиленгендей, жардам берүү долбоору Король Салман куткаруу жана гуманитарды жардам […]Читать далее
Бишкекте үлүш ээлеринин алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн шалаакылык кылган куруучу компаниялардын жер тилкелери соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан курулуш компанияларынын ишиндеги мыйзам бузууларды аныктоо, ошондой эле үлүшчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана шаар куруу чөйрөсүндө алдамчылык көрүнүштөргө жол бербөө максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында шалаакылык […]Читать далее