Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Тагаев Мураталы Абдыкарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.Читать далее
КР Тышкы иштер министрлиги КРнын дипломатиялык кызматындагы бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт: Эл аралык-укуктук департаментинин Көп тараптуу келишимдер бөлүмүнүн атташеси; Экономикалык дипломатия департаментинин Экспортту жана туризмди илгерилетүү бөлүмүнүн атташеси (2 бирдик); Экономикалык дипломатия департаментинин Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн атташеси; Консулдук департаменттин Экспертиза, документтештирүү жана визалык иш бөлүмүнүн Докменттештирүү секторунун атташеси; Кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси; КР ТИМинин Ош, […]Читать далее
Толкунбек Абдыгулов ЭВФтин аткаруучу директорунун Кыргызстандан кеңешчиси кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызматынан бошотулду. Мындай чечимге КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин сунушу негиз болду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Тургунбаев Мелис Жусупжанович Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды.Читать далее