Мамлекеттик бажы кызматы ээлеген кызматына ылайык келүүсүн текшерүү үчүн кызматкерлерди аттестациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын 26-апрелинен 3-майын кошкон мезгилде Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрдү.

Бардыгы болуп Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын 126 кызматкери аттестациядан өттү, анын жыйынтыгында:

• ээлеген кызмат ордуна ылайык келген, жогорку кызмат орундарына жылдыруу үчүн резервге киргизүү сунушталган – 17 кызматкер;

• ээлеген кызматына ылайык келген – 89 кызматкер;

• кайра аттестациядан өтүүгө тийиш – 15 кызматкер;

• ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбейт жана төмөн турган кызмат ордуна жылдырылууга тийиш – 4 кызматкер;

• •ээлеген кызматына ылайык келбеген жана бажы органдарынан бошотулууга тийиш – 1 кызматкер.

Аттестациянын максаты кызматкерлердин кызматтык жана кесиптик ишмердигине объективдүү баа берүү, алардын ээлеген кызматына ылайык келүүсүн, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана карьералык өсүү перспективаларын аныктоо болуп саналат.

Связанный пост