“КР жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 “КР жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын

4-июнундагы № 59 Мыйзамы менен судьялардын штаттык саны төмөнкү административдик соттордо: Бишкек шаары – сегизден үч орунга чейин, Чүй облусу – бештен экиге, Ош облусу – үчтөн экиге, Жалал-Абад облусу – үчтөн экиге чейин кыскартылган.

Кабыл алынган Мыйзамда  аталган Мыйзамга өзгөртүүлөр – Бишкек шаарынын, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын Административдик сотторунун судьяларынын штаттык санын жалпы юрисдикциядагы соттордогу судьялардын штаттык санынын кыскарышынын эсебинен көбөйтүү, төмөндөгүдөй тартипте каралган:

1) Бишкек шаарынын административдик соту 3 штаттык бирдиктен 5 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, анын карамагына Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторунан 2 штаттык бирдик берилген;

2) Чүй облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 4 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук сотторунан 1 штаттык бирдиктен берилген;

3) Ош облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 3 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Кара-Суу райондук сотунан 1 штаттык бирдик берилген;

4) Жалал-Абад облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 3 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Базар-Коргон райондук сотунан 1 штаттык бирдик берилген.

Связанный пост