Кыргызстанда азык-түлүк рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тышкы факторлор, тактап айтканда энергетикага жана азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын туруксуздугу, логистиканын үзгүлтүккө учурашы жана дүйнөлүк рыноктогу белгисиздиктин күчөшү учурдагы баа басымдарынын негизги себеби болууда. Баалар боюнча абал Жыл башынан бери социалдык маанидеги негизги товарлар — […]Читать далее
2025-жылдын 16-октябрына карата “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө” долбоорунун алкагында 52 субъектке жалпы суммасы 153,38 миллион сомго кредиттер берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашырууга «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААКсы тартылган. 2025-жылга долбоор боюнча жалпы насыя берүүнүн көлөмү 500 миллион сомду түзөт.Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” гезити жазды. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 24-сентябрында кабыл алынып, 31-октябрда жарыяланган. Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү ченемдик укуктук актыларга тактоолор киргизилди. Мыйзамдын негизги жоболору: 9-беренеде банк мыйзамдарынын жоболору […]Читать далее
4-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, “Чакан ГЭС” ААКтын башкы директору Шакир Саидов курулуш тууралуу кеңири маалымат берип, жумуштар бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын билдирди. Тактап айтканда, ГЭСтин жалпы курулуш иштери 75 пайызга аяктады. Мындан тышкары, ал учурда суу алуучу дарбаза бетондолуп […]Читать далее
Кыргызстанда «Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк жана питомниктерди өнүктүрүү» долбоору улантылууда. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 16-октябрына карата долбоордун алкагында эки субъектке жалпы суммасы 2,85 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар берилди. Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, программалык насыялардын жалпы көлөмү 100 млн сом түзөт. Долбоор аркылуу үрөн материалдын сапатын […]Читать далее
“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда жетинчи эмиссиянын кошумча эмиссиясынын эсебинен жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Чыгаруу ар биринин номиналдык наркы 424 сомду түзгөн 27 065 652 жөнөкөй аталыштагы акциялардан турат. Анын жалпы суммасы 11 477 614 898 сомду түзөт. Чыгарылган акцияларды жайгаштыруу 2025-жылдын 31-октябрына карата реестрде катталган бардык акционерлердин арасында […]Читать далее
“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын акционерлери анын туунду компаниясы “Асман Эйрлайнс” ЖЧКсына орто аралыкка учуучу эки учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Ведомстводон маалымдашкандай, ага “Кыргызстан аэропорттору” ААК 100 пайыз ээлик кылат. Бул кадам авиапаркты кеңейтүүгө, ички жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүүгө, улуттук авиакомпаниянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.Читать далее
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу ведомстволук уюмдар планды 111,3 пайыз деңгээлинде аткарып, иш жүзүндөгү кирешелер 10 млрд 357,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу күн мурун башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы астында өткөн коллегиялык жыйында айтылды. Ведомствонун маалыматына ылайык, коллегиянын жүрүшүндө Иш башкармалыктын ведомстволук уюмдарынын 2025-жылдын 9 айына карата планы 9 млрд 304,5 млн сом деп белгиленип, […]Читать далее
9-октябрга карата өлкөдө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү долбоору боюнча 226,21 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя каржыланды. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя 65 каржылоо субъекттерине берилди. Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААК катышууда, аларды насыялоонун суммасы 1 млрд 849,56 млн сомду түзөт. Белгилей кетсек, азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн […]Читать далее
Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, РКӨФ КМШдагы 0,5 мл инсулин шприцтерин чыгаруучу жалгыз ата мекендик компанияга жаңы каржылоо берди. Анын айтымында, 350 миң долларлык насыя өндүрүштү кеңейтүүгө жана заманбап жабдууларды сатып алууга багытталган. Бул компаниянын кубаттуулугун бир нөөмөттө 300 миңден 500 миңге чейин көбөйтөт жана ага ири экспорттук келишимдерди аткарууга мүмкүндүк берет. “Компания […]Читать далее