Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан “Камбар-Ата-1 ГЭСи” долбоорун талкуулады
Бишкекте 31-марттан 2-апрелге чейин Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору тууралуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, делегацияларды Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков, Казакстандын энергетика вице-министри Сунгат Есимханов жана Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Умид Мамадаминов жетектешти.
Сүйлөшүүлөргө ошондой эле тараптардын тиешелүү министрлик жана ведомстволорунун өкүлдөрү да катышты.
Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү долбоордун негизги стратегиялык өнөктөшү жана негизги потенциалдуу эл аралык финансылык кредиторлорунун бири катары өздөрүнүн маанилүү ролун тастыкташты.
Белгилей кетсек, бул ири энергетикалык долбоор Кыргызстандын аймагындагы Нарын дарыясында кубаттуулугу 1880 МВт болгон гидроэлектростанцияны курууну камтыйт. Долбоор Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын тыгыз кызматташуусунун алкагында ишке ашырылат.