28-августка карата республика боюнча балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126 миң 578 бала 1-класска катталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 миң 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 24 миң 80, Чүй облусунда – 22 миң 107, Бишкек шаарында – 16 миң 738 жана […]Читать далее
Электрондук китептердин варианттары “Электрондук мектеп” платформасына жүктөлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, бир жуманын ичинде электрондук китептер платформага жүктөлүп бүтөт. “Ата-энелер китептердин электрондук варианттарын ушул платформадан тапса болот. Аны окуучулардын дагы жана мугалимдердин дагы колдонуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Жалпы республика […]Читать далее
Сентябрь айынын башында мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, ноутбуктар табигый илимдер боюнча (математика, физика, химия, биология, география, информатика) сабак берген мугалимдерге берилет. “Ар бир ноутбуктун ичине электрондук китептер киргизилет. Ал эми республика боюнча […]Читать далее
Мектептердеги китептерди жаңылоого 4,5 млрд сом керектелет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул сумманын ичинде республикалык бюджеттин, ата-энелердин жана донорлордун каражаттары киргизилген. Республикалык бюджеттен буга чейин жыл сайын 152 млн сомдон бөлүнүп келген. 2025-жылдын бюджетинин […]Читать далее
Кыргызстандын мектептерин окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн китеп керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер кеминде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерди кеминде 147 аталыштагы окуу китеби […]Читать далее
Бүгүн, 23-август саат 13:00дөгү ачык маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайлар 29 миң 551 абитуриентти кабыл алган. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 5 раунддун жыйынтыгына ылайык, талондорду каттоо боюнча төмөндөгү ЖОЖдор алдыга чыккан: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 8240, И. Раззаков атындагы КМТУ – 7457, ОшМУ – 6369, Б.Ельцин […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин “2024-2025-окуу жылына КР жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйругу бекиди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Буйрукка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүндө жана менчиктик формасында 2024-2025-окуу жылы 2024-жылдын 2-сентябрында башталат жана 2025-жылдын 26-майында аяктайт. Каникул убакытын эсепке албаганда окуу жылынын узактыгы: 1-класста – 33 […]Читать далее
12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 5 баллдык система сакталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган “Алтын казык” мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында 5 баллдык баалоо системасы бар. “Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин […]Читать далее
Жаңы окуу жылында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 620 орундуу мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Рамзан Компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Объекттин курулуш наркы 136 млн сомго бааланган. Долбоор боюнча 3-кабаттуу окуу корпус жер төлөөсү […]Читать далее
Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдө мектептердин 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар коюлган. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына, окуулар өткөрүлгөн жерге жана класстардагы температуралык шарттарга ылайыктуу болушу керек. Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй […]Читать далее