Бүгүн, 25-октябрда “Эмгек резерви” республикалык дене тарбия жана спорт борборунда кесиптик лицейлердин окуучуларын аскерге даярдоо боюнча 23-спартакиада өтүүдө. Ага №4, №5, №18, №20, №27, №97, №99, №100 ж.б. кесиптик лицейлери катышууда. Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Асыл Абдыракманова жана ушул эле башкармалыктын жетектөөчү адиси Нурия Жусупбекова катышты. […]Читать далее
Математика боюнча республикалык олимпиадалар китебинин авторлору аймактагы мектептерге китеп берди
21-октябрда “Математика боюнча республикалык олимпиадалар. Маселелер жана алардын чыгаруулары” китебинин авторлору өлкөнүн аймактарындагы мектептер үчүн Билим берүү жана илим министрлигине китептерди тапшырды. Жыйнак Кыргыз-Швед математикалык мектеби Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөргөн математика боюнча республикалык олимпиадалардын маселелерине негизделген. Китептер кыргыз жана орус тилдеринде окуткан мектептер үчүн басылып чыкты. Китептерди өткөрүп берүү аземине Билим […]Читать далее
Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Тоолордун туруктуу өнүгүү экосистемдери: “Азык-түлүк коопсуздугу: тажрыйбалар, жетиштиктер жана перспективалар” темасында Борбордук Азия Форумунун алкагында Социалистик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Айыл чарба министринин орун басары Нурия Сооронова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген геологу, […]Читать далее
21-22-октябрда бош кызмат орундарына директорлорду тандоо боюнча өткөн тестирлөөдө Бишкек шаарында 60, Ош шаарында 16, Баткен облусунда 52 талапкер босого баллдан өттү. Маалыматка ылайык, тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү. Борбор калаада тестирлөөгө 79 талапкер катышып, алардын ичинен 51 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өттү. Андан сырткары, […]Читать далее
Уланбек Мамбетакунов менен Кытайдын элчиси билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
19-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Тараптар алдыдагы окуу жылына карата Кытайдын жогорку окуу жайларында бюджеттик орундарды берүү, Кыргыз-Кытай класстарын, факультеттерин жана институттарын түзүү, илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргызстандын аймактарындагы билим берүү уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү […]Читать далее
Бүгүн, 19-октябрда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде алгачкы жолу билим берүү кызматтары үчүн төлөмдөрдү (жогорку окуу жайларында окуу үчүн төлөм ж.б.) QR-код колдонуу менен накталай эмес формада кабыл алууну ишке ашыруу боюнча пилоттук долбооруна старт берилди. Аталган пилоттук долбоорду ишке ашырууга Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тандалып алынган. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов […]Читать далее
Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби бекитилди. Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Аталган документ “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим алуу программасы боюнча окуудан өтүүгө жана окуудан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71, 89-беренелерин […]Читать далее
Бишкектин Көлмө конушундагы №78 мектеп-гимназиясынын жаңы корпусу ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышты. Мектеп 380 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу имараттын аянты 2309 чарчы метрди түзөт. Имаратта бардык керектүү жайлар: окуу класстары, […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн (кышкы кабыл алуу) абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө буйругу бекиди. Ага ылайык кышкы тестирлөө 2022-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин өтөт. Буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу тартибинин негизинде бекитилди.Читать далее