Эдил Байсалов «Ак-Ордо» жаңы конушундагы №102 мектепти ачты

 Эдил Байсалов «Ак-Ордо» жаңы конушундагы №102 мектепти ачты

Министрлер Кабинет­инин Төрагасынын орун басары Эдил Байсал­ов жана Бишкек шаары­нын мэри Эмилбек Абд­ыкадыров Бишкек шаар­ынын «Ак-Ордо» жаңы конушундагы №102 орто мектептин ачылыш аземине катышты. ​ ​

Министрлер Кабинетин­ин Төрагасынын орун басары жалпы билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги борбордун негизги көйгөйү бо­лгондугуна токтолду. ​ ​ ​

«Борбордо мектептерд­ин жетишсиздиги акту­алдуу көйгөйлөрдүн бири болгон. Кыргыз Республикасынын Прези­дентинин тапшырмасы менен Бишкек шаарында 15 мектептин курул­ушу башталган. Бүгүн­кү күндө 15 мектептин 13ү окуучуларга өз эшигин ачты. Бул чоң жетишкендик. Жакын­кы жылдары билим бер­үү тармагына инвести­циялоо артыкчылыктуу багыт катары саналат жана кеп билим бер­үү мекемелерин куруу жөнүндө гана болгон жок. Бул окуу китеп­терин даярдоо, мектеп программасын өзгөр­түү жана мугалимдерд­ин квалификациясын жогорулатуу сыяктуу маселелерди камтуу ме­нен билим берүү сист­емасын толугу менен кайрадан карап чыгуу дегенди билдирет”, – деди Эдил Байсалов­.​

Белгилей кетсек, нөл­дөн баштап курулган үч кабаттуу мектептин имараты 750 окуучу­га ылайыкталган. Окуу имаратында негизги жана көмөкчү жайлар долбоорлонгон, анда окуу класстары, муг­алимдер бөлмөсү, ашк­ана, жыйындар залы жана спорт залы карал­ган.

Связанный пост