Окуу жылынын аякташына байланыштуу борбор калаанын мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өткөрүлдү. Бүтүрүүчүлөрдү райондордун акимдери куттукташты. №33 гимназияда өткөн салтанатка Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков катышты. Ал бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин бүгүнкү маанилүү күн менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга алдыдагы экзамендерди ийгиликтүү тапшырууну каалады. Ленин районунун акими Мураталы Тагаев №68 мектепте болуп, бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдер жамаатын […]Читать далее
Бүгүн, 25-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Эстониянын эксперттери менен билим берүү жана окуучулардын билимин баалоо тармагында санариптик өнүмдөрдү колдонуу тажрыйбасы менен таанышуу боюнча жолугушууга катышты. Эстония Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тоомас Тирс жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борборунун долбоордук менеджери Анна Силем саламдашуу сөзүн сүйлөдү. “Биздин өлкө 2025-жылы […]Читать далее
Калаа башчы Эрмат Джумаев бүгүн, 25-майда Талас шаарындагы Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектеби жана Р.Я.Рысакова атындагы №2 орто мектебинин “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты. Шаар башчысы өз сөзүндө окуучуларга билим берүүгө бардык күч-аракетин жумшап, аларды тарбиялоодо жана окутууда кошкон салымы үчүн мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, аларга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана иштерине зор ийгиликтерди каалады. […]Читать далее
Ош облусунда 552 билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Камилжан Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясындагы салтанатка катышты. Бүтүрүүчүлөрдү жана окуучуларды, мугалимдерди окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, облус башчысы Эльчибек […]Читать далее
25-май – “Акыркы коңгуроо” күнүндө Жалал-Абад шаарынын аймагында бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору маалымдады. Тагыраагы,бүтүрүүчүлөрдүн жеңил автоунаалардын коштоосундагы жүрүштөрдү уюштуруусуна, ата-энелердин катышуусу менен же өздөрүнчө кафе-ресторандарда, оюн-зоок жайларында, жаратылышта кечелерди өткөрүүгө жана ата-энелердин мыйзамсыз […]Читать далее
Нарын шаарындагы 8 орто мектептен 11-классты 427, 9-классты 746 окуучу ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн баардык орто мектептерде акыркы коңгуроо салтанаттары уюштурулуп, бүтүрүүчүлөргө каалоо тилектер айтылды. Ошондой эле окуу жылынын аякташы менен алдыңкы окуучуларга жана коомдук иштерге жигердүү катышкан, ар кандай кароо саныктан ийгилик жараткан, жалпы 80 окуучуга […]Читать далее
Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору Бишкек шаарындагы 5 жогорку окуу жайына чакан гранттар программасы аркылуу, студенттер арасында сергек жүрүм-турумду жайылтуу максатында эки миллион сомдон ашык каражат бөлдү. Университеттердин арасында чакан гранттар программасы 2022-жылдын октябрь айында жарыяланып, грант алууга 14 университет арыз берген. Грант алган жогорку окуу […]Читать далее
Талас облусунун Талас районуна караштуу Калба айыл өкмөтүнүн Бал-Бал айылындагы 192 окуу орундуу мектептин курулушу толук бүткөрүү алдында. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1361,0 м2 түзөт. Мектеп спорт залы, ашкана жана акт залы менен жабдылган. Мектепте окуу процесси үчүн бардык зарыл шарттар бар. Азыркы учурда аткарылган курулуш-монтаждоо иштердин кɵлɵмү 90% түзөт. Бүгүнкү күндө сырткы көрктөндүрү […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун кызматкерлери жана Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук, Аламедин районундагы бала бакча тарбиячылары менен усулчулары таанып-билүү ишмердүүлүгү жана илимий-техникалык чыгармачылык менен айкалыштырууга мүмкундүк берген “SТЕМ-мектепке чейинки билим берүү” модулдук программасын апробациядан өткөрүштү. Катышуучулар STEM билим берүүнүн актуалдуулугу тууралуу […]Читать далее
2023-жылдын 15-майынан 24-майына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 4-майындагы No 2275 \ 1 буйругунун негизинде “Баалоо” улуттук программасына баа берүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Баалоого өлкө боюнча 200 мектептин 4-8-класстарынын окуучулары катышууда. Баалоонун математикалык, окурмандык жана табият таануу багыттары аныкталат. Студенттер үчүн тесттер […]Читать далее