Баткен облусунда 30-декабрда 10го жакын объект колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жаңы жыл алдында ачылышы пландалып жаткан объекттер: Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы “Булак-Башы” орто мектеби; Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы “Лейлек” орто мектеби; Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы “Алга”орто мектеби; Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана; Баткен районунун […]Читать далее
Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Долбоорго ылайык, фабриканын курулушун иштерин 2024-жылдын соңуна чейин бүткөруү пландалган. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер аянты бөлүнгөн. Курулуштун жалпы наркы 30 млн 950 миң АКШ долларын түзүп, 560 жаңы жумуш орду пайда болот. Текстиль фабрикасында пахтадан кездеме […]Читать далее
Нарында Президент берген 270 млн сомго техникалар алынууда. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Нарын облусундагы 27 ирилештирилген айыл өкмөтүн колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан Нива үлгүсүндөгү автоунаалар жана ар бир айыл өкмөткө өнүктүрүү үчүн 10 миллион сомдон каражат берилген. Учурда ушул каражатка айыл өкмөттөрүнө […]Читать далее
Бүгүн, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, “HUNGARO SRL (Венгрия)” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү В.Тулейбич, “ГРК Солар энерджи” (Кыргызстан) ЖЧКсынын башкы директору А.Тороев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө “HUNGARO SRL” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү А.Тулейбич Токтогул районунда күндүн нуру аркылуу электр энергиясынан алуучу станция курууга кызыктар экендигин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап биргелешип, күндүн нурунан […]Читать далее
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборунда көз жарган апаларды куттуктап барды. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Ыйгарым укуктуу өкүл жаңы төрөлгөн наристелерге узун өмүр,бекем ден соолук каалап,кыргыз элинин сыймыктуу уул кыздарынан болушуна тилектештигин билдирип,белектерин тапшырды. Көз жарган апалар жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жыл ичинде колдонууга бериле турган 100 мектептин бири болгон Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан №46 “Кызыл-Талаа” мектебинин жаңы имараты колдонууга берилди. Мектептин жаңы имаратын тапшыруу салтанатына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, жергиликтүү тургундар, айыл аксакалдары, […]Читать далее
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Арбын айылында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Объекттин курулушу 2018-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бүгүнкү күндө бала бакчасынын курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди: – бала бакча 100 орундуу; – 2 кабаттан турат. Пайдалануучу аянты 998 м2.Читать далее
2023-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды. Саламаттык сактоо министри Кызыл-Кыя шаарынын мэри менен биргеликте Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборундагы ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн ачылышына катышты. Андан соң министр оорукананын материалдык-техникалык абалы менен таанышып чыгып, мында бейтаптарга карата камкордук, шарт […]Читать далее
Ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан жергиликтүү ишкерлерге 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилди. Тактап айтканда, “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши тарабынан облустун аймагында ишкердик жүргүзгөн “Жыргал” туристтерди тосуучу үй лагерине, “Бай-Төр” эс алуу борборуна, “Ангус” пародасындагы эт багытындагы уйларды өстүрүүгө, сүт багытындагы уйларды сатып […]Читать далее
Ала-Бука районуна караштуу “Баймак—автожол” өткөрмө бекетине жакын жерге “Бай-Талаа” соода логистикалык борборунун мал өткөрүүчү пункту курулуп, пайдаланууга берилди. Бүгүн, 18-декабрь күнү, өткөрмө пунктунун ачылуу аземи болуп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун акиминин орун басары Окибжон Инамов, жергиликтүү бийлик, ишкерлер жана айыл тургундары катышты. Бул […]Читать далее