Аксы районунда өзгочө кырдаал режими киргизилди

 Аксы районунда өзгочө кырдаал режими киргизилди

25-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районунун Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулар 56 турак жайдын коросун анын ичинен 6 турак үйдүн жер төлөсүн, 4 турак үйдүн ичине кирип, 3 мал сарай уруп калган.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуунун башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган ыкчам топ тартылуу менен штаб түзүлүп, Аксы районунун акими З. Бейшеновтун №188-Б буйругунун негизинде айыл аймактык деңгээлдеги “Өзгөчө кырдаал режими” киргизилди.

Учурда жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 100 адам, ӨКМден 24 куткаруучу тартылды.

Мындан сырткары райондук Жарандык коргонуу кызматынан жана ӨКМдин 15 техника тартылып, жолдорду тазалоо, Кара-Суу дарыясынын сол жээгин бекемдөө жумуштары жүрүүдө.

Мындан сырткары Сары-Челек айыл аймагында 3 ички көпүрө авариялык абалга келип, кооптулукту жараткан.

Учурда жеринде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Связанный пост