Баткенде чек ара айылдарынын тургундарын 1-ноябрга карата көчүрүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн Баткен жана Лейлек райондорунун жетекчилиги жана облустук тийиштүү жетекчилердин катышуусунда Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында алмашылган айылдардын тургундарын көчүрүү маселеси боюнча кеңешме өттү. Анда президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жергиликтүү бийлик органдарына төмөндөгүдөй бир катар […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага карата президент Садыр Жапаровдун катышуусунда борбордук аянтка КР Мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Эскерте кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен шаар күнүнө карата 45 метрлик желек сап алынып салынып, анын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулду. Иш-чарада президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарын шаар күнү […]Читать далее
Ошто адистештирилген контролдук токсикологиялык лаборатория капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жумушчу сапарынын алкагында президенттин өкүлү Элчибек Жантаев менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул иштер Ош облусунун регионалдык жана экономикалык өнүгүү долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Лабораториянын имаратын жана […]Читать далее
1,28 гектар аянтты ээлеген Өзгөн шаарындагы “Мал базары” мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында атайын кызмат тарабынан Өзгөн районунун аймагындагы жерлерди менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугуна текшерүү иштери жүргүзүлдү. Өзгөн шаарында жайгашкан 1,28 га жер аянтын “мал базары” үчүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Ал […]Читать далее
Чүй облусундагы мыйзамсыз колдонууда жүргөн 795 гектар айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2000-жылдардын башында “системалык каттоо” иштеринин алкагында сөз болуп жаткан жерлер Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилген. Бирок жер тилкелери расмий түрдө каттоодон өтпөгөн жана бөлүштүрүлгөн эмес, натыйжада формалдуу түрдө ээсиз абалда калган. Тиешелүү укуктук негиздин жоктугуна […]Читать далее
“Манас” стадионунда Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жана башка сыйлуу коноктор катышышты. Салтанатта облус башчысы Элчибек Жантаев район тургундарын маараке менен куттуктап, Кара-Суунун тарыхый жана азыркы жетишкендиктерин белгиледи. […]Читать далее
Эсептөө палатасы Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджети боюнча шайкештик аудит жүргүзүп, 5 млрд 658,9 млн сомдук мыйзам бузуулар менен финансылык кемчиликтерди тапты. Ведомстводон билдиришкендей, 2023-жылдагы шаар бюджети 3 млрд 224,2 млн сом деп такталган. Бирок кирешелер планы 92,7% гана аткарылып, 235,6 млн сом кем түшкөн. Айрыкча киреше салыгы жана ижара төлөмдөрү боюнча көрсөткүчтөр төмөн болгон. […]Читать далее
Чүй районунда күзгү айдоо жана себүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда “Мичурин” айыл чарба кооперативи тарабынан 50 гектар жер аянтка Канаданын “Жерси” сортундагы буудайдын үрөнүн себүү иштери аткарылууда. Аталган буудай сорту башка сорттордон айырмаланып, түшүмдүүлүгү жогору экендиги менен белгилүү. Орточо […]Читать далее
Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна иш сапары менен барды. Министрликтен билдиришкендей, Орунтаев Талас районуна караштуу Таш-Арык айылында жайгашкан Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексиндеги реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Белгилей кетсек, улуттук комплекстин реконструкция иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорго ылайык, заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы […]Читать далее
Ош шаардык мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматтык унаалары электромобилдерге алмаштырылууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай демилгени Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык бюджетти үнөмдөө жана экологиялык стандарттарга өтүү максатында көтөрүп чыккан. Күн мурун бул демилгенин алкагында алты жаңы электромобиль шаардык кеңештин төрагасына, мэрдин орун басарларына жана аппарат жетекчисине расмий түрдө тапшырылды. Мэриянын автогаражынын эсеби боюнча, мурда кызматтык […]Читать далее