Сокулук районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. Маалыматка ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн чечими менен 2 кабаттуу типтүү бала бакчанын имаратынын пайдалуу аянты 983 […]Читать далее
Ош шаарындагы таштандыларды утилдештирүү боюнча заводдун мезгил кутуусу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Дай Даого жана шаар тургундары, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Долбоорлу ишке ашырууда алгач 2023-жылы меморандумга кол коюлса, 2025-жылы 3-мартта долбоорду ишке ашыруу боюнча […]Читать далее
Каракол эл аралык аэропортунда эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында белгилүү болду. Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда эл аралык аэропортто Бишкек – Каракол багыты боюнча жумасына эки, Ош – Каракол багыты менен бир жолу […]Читать далее
Ош шаарында мэрдин толгон көрүстөндөрдү рекультивациялап, башка жайга которуу боюнча тапшырмасына ылайык шаар аймагындагы жалпы 5 мусулман көрүстөнүндө рекультивация иштери жүргүзүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көрүстөндөр мындан 60-70 жыл мурда жабылган. Ал жердеги маркумдардын сөөгү башка көрүстөнгө которулуп коюлду. Жалпы көрүстөндөрдүн ээлеп турган аянттары 10 гектарга барабар. Алар: Жапалак көрүстөнү, аянты 1 гектарга жакын; Озгур көрүстөнү, […]Читать далее
Каракол шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жакында даяр болгон турак жайлардын 50 пайызы кезекте турган жарандарга, калган 50 пайызы үлүштүк курулуш механизми менен алган жарандарга тапшырылат. Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаары – өлкөдө жайы-кышы эс алуу актуалдуулугун жоготпогон шаар болуп саналат. Буга байланыштуу МИК бул шаардан […]Читать далее
Бүгүн Кара-Суу районунда “Салих Строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун жаңыланган асфальт-бетон заводу ачылды. Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу катышты. Алсак, Кара-Суу районунун 90 жылдыгын утурлай модернизацияланган өндүрүштүк жай бардык керектүү заманбап техникалар менен жабдылып, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоого багытталган. Долбоордун жалпы наркы 721 млн сом. Завод саатына 300 тонна асфальт, 270 […]Читать далее
Бүгүн, 7-июнда саат 09:33тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 4,5 баллга, Кара-Булуң, Кара-Суу айылдарында 4 баллга, Ак-Жар, Ат-Башы айылдарында жана Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Ак-Чий айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Учурда жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо […]Читать далее
Ысык-Көлдөгү пансионаттар үчүн саркынды сууларды тазалоочу жай, насостук станциялар жана канализациялык коллекторлор курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу» долбоорун ишке ашыруунун алкагында саркынды сууларды тазалоочу жайды жана насостук станцияларды, ошондой эле канализациялык коллекторлорду куруу боюнча подряддык компаниялар менен бүгүн келишимге кол […]Читать далее
Бүгүн саат 16:18де Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Атап айтканда, жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун Кеңеш берүү жана диагностика бөлүмүнүн имаратынын абалы менен таанышты. Ошондой эле төрага Ала-Бука райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунун лабораториясынын абалын да көрүп чыкты. Эки имарат тең 1950-жылдары курулуп, азыркы тапта авариялык абалда. Имараттардын эскилиги жетип, […]Читать далее