26-марттан тарта суучулдар Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин башташты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары бир күндө Ысык-Көлдүн Түп булуңунан 4100 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканын айгинелейт. Өткөн жылы суучулдар […]Читать далее
Баткенде мыйзамсыз иштеп жаткан медресе аныкталды 27/03/24 11:34 АЙМАК0 Бишкек, 27.03.24. /Акназик Тургунбаева — Кабар/. Баткен шаарында “Ыйман” илим жана маданий борбору медресеси каттоодон өтпөй иштеп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет. Медреседе 20дай жаш бала окуп жаткан. Бул факты Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат. Муниципалитеттен белгилешкендей, бул тууралуу күн мурун, 26-мартта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун муниципалдык базардын соодагерлери менен болгон жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Тактап айтканда, 22 гектар аянтты ээлеген учурдагы “Телтору” атмайданы базарга айландырылып, Жалал-Абад шаарындагы бардык базарлар бир […]Читать далее
Көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасын иретке келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №46 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Ош-Баткен-Раззаков (75-192-чакырымдар аралыгы) унаа жолунун жээгинде жайгашкан мыйзамсыз объектилер алынып, башаламан соода күркөлөрү буздурулууда. Аталган иш-чаралар Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги […]Читать далее
“Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Мээркан айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №34 мектептин жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Бакытбек Жетигенов курулуштун жүрүшүнөн кабар алган. Шаар башчысы куруучуларга бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө, сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин белгилеп, бир катар тийиштүү тапшырмаларды берди. Долбоорго ылайык, мектеп 225 орундуу болуп, […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Жалал-Абад облусу боюнча 2024-жылга болжолдуу айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап-себүү түзүмүнө 161 миң 300 гектар жер аянты пландалган. Азык түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында бул жылдын түшүмүнө 17 миң 104 гектар жер аянтына күздүк буудай айдалып, бүгүнкү күндө кылкандуу […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик менчикти Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө токтомго кол койду. Документке ылайык, мындай чечим жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине Жалал-Абад облусу, Сузак району, Сузак айылы, А.Юнусов көчөсү, 242/1 дареги боюнча жайгашкан, аянты 1,72 га жер […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын таштанды полигонунда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод ишке кирет. Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда аталган заводдун курулуш иштери жүрүп жатат. Завод 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сомго курулууда. Заводдун курулушу ушул жылдын июль айында аяктайт. Анда Жалал-Абад шаарынан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра […]Читать далее
Ош шаарында 23-марттан 24-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду. Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.Читать далее
«Талас» аймактык аэропорту ишке берүүгө толугу менен даяр, деп билдирет «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, бүгүн «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов иш-сапарынын алкагында «Талас» аэропортуна барып, жасалган иштерди текшерүүгө алды. «Талас» аэропортуна 2023-жылдын 15-июнунда капсула салынып, учуп-конуу тилкеси курулуп башталган. Ал эми бүгүнкү күндө аталган […]Читать далее