Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында заманбап этномузей жана китепкана курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Ноокен районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан эскиздик долбоор иштелип чыкты. Этномузей жана китепкана борбордук эс алуу паркына курулат. Долбоорлорду быйыл ишке ашыруу пландалууда.Читать далее
Баткен облустук милициясына “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 16 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, унаалар бүгүн, 11-февралда Баткен облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталышындагы форумдун алкагында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тарабынан тапшырылды. Белгиленгендей, иш-чара элдин коопсуздугун чыңдоого жана кылмыштуулукту алдын алууга багытталган. “Ал эми жаңы […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Ай айылына 75 орундуу бала бакча куруу планладууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай жарандык курулуш департаментинин Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Бала бакчанын курулушунун сметалык баасы 83 млн 341 миң сомду түзөт, сынакка катышууга арыз […]Читать далее
ЮНИСЕФ Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Сай айылындагы мектепте өзгөчө кырдаал жөнүндө кабарлоочу жаңы жабдууларды орнотту. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабдууларды улуттук өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлама системасына кошту. Жалпы суммасы 2 млн сомдон ашкан (23,4 миң АКШ доллары) жабдуу мектептердин табигый кырсыктарга даярдыгын жогорулатууга багытталган долбоордун алкагында берилди. Бул долбоорду Жапон Өкмөтү каржылайт. “Бул жабдууну орнотуу […]Читать далее
Кочкор районун Кочкор жана Большевик айылдарынын башкы пландары бекитилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, агенттиктин Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун калктуу пункттардын башкы пландарын долбоорлоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлеринин Кочкор районуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Иш сапардын жыйынтыгында Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн Кочкор жана Большевик […]Читать далее
Эльчибек Джантаев: Туристтик зоналардын инфраструктурасын өнүктүрүү менен туруктуу туризмге жетише
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) БУУӨПдун Администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору Ивана Живковичти кабыл алды. Э.Н.Джантаев БУУӨПдун өкүлдөрүнө Ош облусунун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылыкты билдирди. Ал өз сөзүндө: “Экономиканы өнүктүрүүгө экологиялык, инклюзивдик жана санариптик мамилеге жана калктын […]Читать далее
Күн мурун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара Стоун” ЖЧКсынын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюлду. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, келишим “Ош облусунун Ноокат районунда соода-логистикалык борборун куруу жана башкаруу” долбоорунун алкагында түзүлдү. “Долбоор заманбап соода-логистикалык борборду, анын ичинде соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн […]Читать далее
Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай айылында 140 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлайт. Аталган балдар бакчасынын курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча имарат эки кабаттан турат, жалпы аянты 1480,9 чарчы метр. Курулуш иштерин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында аяктап, ишке берүү пландалууда.Читать далее
Бүгүн Баткен шаарында мамлекеттик туунун кабыл алынган күнүнө жана 5-мартта белгиленүүчү Ак калпак майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү таланттар тарабынан концерттик программа тартууланды. Ошондой эле салтанат улуттук кийим кийип, колуна туу көтөргөн жаштардын жөө жүрүшү менен уланды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым […]Читать далее
“Каракол” эл аралык аэропортунун курулушу 80%га аяктап калды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкармалыктын төрагасы Манасбек Самидинов курулуштун жүрүшү жана учурдагы абалы менен таанышты. Азыркы учурда аэропорттун курулушу өз мөөнөтүндө журүүдө, анда иштердин 80%га жакыны бүтүп калды. Аба ырайы жакшырса, учуп-конуу тилкесинде курулуш иштери кайра жанданат, учурда ал убактылуу токтоп […]Читать далее