“Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалынын карамагындагы бардык отканалар штаттык режимде иштеп жатат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда ишканадан 2719 кардарларга үзгүлтүксүз жылуулук берилүүдɵ. Эскерте кетсек, Нарын ишканасынын “Ипподром” жана “Борбордук” отканаларына отказандарды сатып алуу пландалып, Россия Ижевск шаарындагы заводдон ТШП-2500К маркасындагы 4 даана отказандары сатылып алынган. Бүгүнкү күндɵ ал отказандар үзгүлтүксүз иштɵɵдɵ. […]Читать далее
КР УКМК көмүскө экономиканын масштабын аныктоо максатында Жалал-Абад облусунун аймагында иштеп жаткан ишкердик субъекттеринин санына мониторинг жүргүзгөн, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий маалыматтары менен олуттуу айырма аныкталган. Алсак, Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунун аймагында 7077 ишкердик субъект (соода борборлору, дүкөндөр, мейманканалар, кафелер, ашканалар, чач тарачтар, техникалык тейлөө […]Читать далее
Ош шаарындагы ооруга чалдыккан бак-дарактарды алуу жана анын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Коомдук угууда, алгач Курманжан датка көчөсүндөгү ооруга чалдыккан бак-дарактардын учурдагы абалы, шаардын микроклиматын жакшыртууга багытталган демилге тууралуу маалыматтар берилип, катышуучулардын коомдук угууга чыгарылган демилге боюнча ой-пикирлери, сунуштары угулуп, адистерге бир катар суроолор берилди. Угууга Ош […]Читать далее
КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) Баткен облусу боюнча өкүлү Данияр Абдуллаев Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын жана салык кызматынын өкүлдөрү менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатында жолугушуу уюштурду. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү уюм тууралуу кеңири маалымат берип, ишкерликти колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. “Жакынкы арада бизнестин, мамлекеттик органдардын жана […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча “Мамлекеттик акселераторлор” программасынын алкагында Ош шаарында иш алып барып жаткан жумушчу топ менен жыйын өткөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында балдарды бала бакчага камтууну жогорулатуу үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, Ош шаарынын аймагында үй тибиндеги […]Читать далее
Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиевдин төрагалыгы астында отчеттук жыйын өтүп, анда облустагы эки айлык иштин жыйынтыгы каралды. Өкүлчүлүктөн билдиришкенждей, жыйынга Чүй облусунун райондорунун акимдери, шаар мэрлери жана айыл аймактарынын башчылары катышты. Кеңешмеде административдик – аймактык реформанын жыйынтыктары, 2024-жылдын алгачкы эки айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, ошондой эле КР президентинин Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев күн мурун Чүй облусунун аймагын кыдырды. Ведомстводон билдиришкендей, министр иш сапарынын алкагында бош жаткан кайрак жерлерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен иштетүү, жүзүм, мөмө жемиш бактарын тигүү боюнча алдыда аткарыла турган иштер менен таанышты. Коюлган талап, пландарга ылайык быйылкы жылы Кемин районунун Чым-Коргон айылынды […]Читать далее
Ош облусунда “Коопсуз өлкө-туруктуу келечек” аталышындагы форум өттү. Бул тууралуу Ош облусунун ИИБнын басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылдын 13-март күнү Бабур атындагы атындагы өзбек драма театрында Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум болуп өттү. Бүгүн өткөн форумга Ош облусунун ички иштер башкармалыгы даярданган. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга […]Читать далее
Күн мурун Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXVIII сессиясы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, сессиянын башында Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан президенттин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 жарлыгына ылайык, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндөгү убактылуу жобого ылайык депутаттар мындан ары өз ишмердүүлүгүн улантып, ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруусу айтылды. […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында муниципалдык таш майдалоочу завод ишке кирди. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган завод Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен сатып алынган. Учурда таш майдалоочу заводдо асфальт заводго керектүү таштарды майдалап даярдоо иши жүрүп жатат.Читать далее