Аймактык реформа. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын саны көбөйдү

 Аймактык реформа. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын саны көбөйдү

Күн мурун Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXVIII сессиясы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сессиянын башында Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан президенттин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 жарлыгына ылайык, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндөгү убактылуу жобого ылайык депутаттар мындан ары өз ишмердүүлүгүн улантып, ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруусу айтылды.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 31 болгон болсо, шаарга бириккен айыл аймактардан келген депутаттар кошулуп, жалпы 79 эл өкүлү болду.

Тактап айтканда, Таш-Булак айыл аймагынан 31, Ырыс айыл аймагынан 12, ал эми Барпы айыл аймагынан 5 депутат кошулду.

Связанный пост