19-20- август Ош облусунун Сары-Ой капчыгайында ишкерлер үчүн “Көчмөн Бизнес Аянта – 2023” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу JIA Бизнес ассоциациясы билдирди. Иш-чара өлкөдөгү ийгиликтүү спикерлердин тажрыйба бөлүшүүсү, туризм багытында көргөзмө, улуттук оюндар, маданий бөлүктөр менен коштолду. Ошондой эле, ишкерлер ортосунду 45 кызматташуу жана сатып алуу келишимдери түзүлүп, алардын жалпы суммасы 1 000 000 миллион […]Читать далее
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:44тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ноокен районунун Момбеков, Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарчасы жана Масы айылында 3 балл, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
2023-жылдын 17-август күнү Баткен районунун Дара айыл аймагынын Чек айылында Ички иштер министрлиги, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду жана “Saferworld” эл аралык уюму кызматташтык долбоору боюнча АКШнын Элчилигинин алдындагы Баңгизат каражаттарынын эл аралык жүгүртүлүүсү менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү (INL) боюнча бөлүмүнүн колдоосунун астында “Милиция менен элдин ортосундагы социалдык кызматташтык” долбоорунун алкагында коомдук […]Читать далее
Ак-Тал айылындагы үй-бүлөгө Президент С.Жапаровдун атынан салынып берилген турак-жайдын документтери
Бүгүн район акими Жапаров Жумадилла Курсанбаевич Ак-Тал айылындагы 51 жаштагы баатыр эне Искакова Гүлзат Калыбековнага Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин атынан салынып берилген жаңы турак-жайдын мамлекеттик актысы жана техникалык паспортун тапшырды. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы маалымдады. Искакова Гүлзат Калыбековнанын 7 баласы бар, 2020-жылы жолдошу каза болуп, балдарын жалгыз тарбиялап келет. Буга чейин […]Читать далее
Бүгүн Ак-Тал айылындагы бала бакчанын имаратынын курулушунун капсуласын салуу иш чарасы болуп өттү. Иш чарага КРнын Жогорку кеңешинин депутаты Сыдыков Мурадил Жанышбекович, район акими Жапаров Жумадилла Курсанбаевич, облустук, райондук тиешелүү мекеме жетекчилери жана Ак-Тал айылынын тургундары, мектеп, бала бакчанын эмгек жамааты катышты. Ак-Тал айылындагы “Ак-Тал” бала бакчасынын имараты 1961-жылы “Ашар” ыкмасы менен жергиликтүү материалдар менен […]Читать далее
Нарында облус жетекчилиги тарабынан медицина тармагын жакшыртууга басым жасалууда. Жакында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Төрөт бөлүмүнүн имаратына “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен 10 миллион сомго капиталдык оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Бул чечим 8-августта “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин отурумунда кабыл алынды. Ыйгарым […]Читать далее
Ош облусунун аймагында коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында 2023-жылдын 2-августунан 5-августуна чейин каттоодо турган куралы бар жарандарды текшерүү жана мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө каттоодо турган 561 ок атуучу куралы бар жаран, 14 ок атуучу куралы бар объект, 2 өндүрүш багытында жардыргыч заттарды сактаган […]Читать далее
Ысык-Көлдүн Түп районундагы Каркыра айыл аймагынын Талды-Суу айылында 28, Корумду айылында 40тан ашык, Көөчү айылында 24, жалпысынан алганда болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптаган. Бүгүн, 8-августта аталган айылдарга күч-каражаттар тартылып, тактоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине чыгышты. Алсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу район-шаар […]Читать далее
Баткен-Боз-Адыр унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Баткен районуна караган бул жолдо “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын тартылган техникалар иштеп жатышат. Быйыл Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (эски багыт) 195-207-чакырым аралыгын (Баткен-Боз-Адыр унаа жолу), жалпы 12 чакырымды асфальттоо каралган. Жумуштар июль айынын […]Читать далее
Бүгүн, 1-августта, Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталды. Миң-Кушта төрт калдык сактоочу жай бар: “Талды-Булак”, “Туюк-Суу”, “Как” жана “Дальнее”. КМШга кирген мамлекеттердин аймактарындагы уран калдыктарын сактоочу жайлар менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн 2013-жылдан тартып “ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон аймактарын рекультивациялоо” Мамлекеттер аралык […]Читать далее