Жалал-Абад облусунда жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүүдө

 Жалал-Абад облусунда жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүүдө

Жалал-Абад облусунда жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жалал-Абад облусу боюнча 2024-жылга болжолдуу айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап-себүү түзүмүнө 161 миң 300 гектар жер аянты пландалган.

Азык түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында бул жылдын түшүмүнө 17 миң 104 гектар жер аянтына күздүк буудай айдалып, бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин азыктандыруу иштери 70 пайызга аткарылды. Күздүк кылкандуу дан эгиндерин айдап-себүү аянты өткөн жылга салыштырмалуу 4 миң 870 гектар жер аянтына көбөйгөн.

Облустун Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак жана Токтогул райондорунда жалпы 17 миң гектар айдоо аянты айдалып, даярдыктар жүрүүдө. Жалпы облус боюнча 4420 гектар аянка жаздык кылкандуу дан эгиндери эгилди. Ошондой эле 700 гектарга картошка, 730 гектар жер аянтына жашылча өсүмдүктөр жана 800 гектарга жүгөрү айдалды.

Связанный пост