1-декабрда Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында ачыла турган “Ала-Тоо Резорт” эс алуу жайына тоолуу аймактын жол шарттарына байланыштуу толук кышкы дөңгөлөктүү, өтүмдүүлүгү жогору, жолтандабас унаалар гана кире алат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, коноктордун коопсуздугун камсыздоо үчүн Жыргалаң айылында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат. “Ал жерден ачылыш аземи өтүүчү жайга чейин коноктор жол тандабас унаалар […]Читать далее
Каракол шаарындагы Жеңиш паркын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу шаар мэри Талантбек Иманов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, жаңылануунун алкагында парктын кире бериштери оңдолуп, кошумча кирүү жолдору уюштурулду. Ошондой эле аймак жашылдандырылып, шахмат, балдар ойноочу, кичи футбол жана бейсбол аянтчалары курулду. Мындан тышкары, парктын тарыхый маанисин сактоо максатында аймагындагы бардык […]Читать далее
Кара-Балта шаарында жалпы 66 блоктон турган 4 950 батирлүү турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, учурда 20 блокто монолиттик иштер толук аяктап, фасаддык жана ички жасалгалоо иштери уланууда. Ошондой эле фасаддык иштердин 95 пайызы, ал эми ички жасалгалоо иштеринин 80 пайызы бүттү. “Долбоордо жашоочулар үчүн социалдык жана инфраструктуралык шарттарды түзүү […]Читать далее
Кыргызгидромет кызматы кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 16-ноябрдан 19-ноябрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Аталган жол тилкесинде унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл. Айдоочуларга жолдо жүрүүдө этият болуу жана коопсуздук эрежелерин сактоо […]Читать далее
Ош облусунда “Ынтымак” (Кемпир-Абад) чек ара посту ачылып, Чоң-Алай районундагы “Кара-Шыбак” чек ара заставасынын кызматкерлерине 20 батирлүү кызматтык үй тапшырылды. Маалыматка ылайык, ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү, чек арачылар жана жергиликтүү тургундар катышты. Кызматтык турак үй республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө бардык заманбап шарттары менен […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда турмуш-тиричилик абоненттерине “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери 98 пайызга аяктады. Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата облустагы 124 миң 429 абоненттин 121 миң 460ына заманбап эсептегичтер орнотулган. “Учурда жабдуулар убактылуу жашоочулары жок үйлөргө, ошондой эле Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы алыскы мал чарба кашарларына коюлууда”, – деп айтылат маалыматта. “Акылдуу” эсептегичтердин маалыматы автоматтык […]Читать далее
“Ош” эл аралык аэропортунда жаңы аэровокзалдын курулушу, учуп-конуу тилкесин узартуу, багыттоо жолдорду жана учак токтотуучу жайларды көбөйтүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында “Ош” эл аралык аэропортунун директору Тимурлан Маданбеков билдирди. Тимурлан Маданбековдун маалыматына караганда, жаңы аэровокзалдын жалпы аянты 25 миң чарчы метрден ашат. Учурда имараттын негизги конструкциясын куруу, чатырын […]Читать далее
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында 3-ноябрда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, үч эмди Өзгөн районунун тургуну 1995-жылы туулган Үпөл Нажи кызы жарык дүйнөгө алып келген. Наристелердин экөө кыз, бири уул. Эненин үч эмден тышкары дагы бир кызы бар. “34 жумалык болуп төрөлгөн наристелер дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, учурда абалдары […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропортту 2027-жылдын күзүндө пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоордун негизги багыты жүк ташуучу авиацияны өнүктүрүү болуп саналат. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунда “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, аэропорт үчүн Жалал-Абад облусундагы алты-жети жер тилкеси каралып, Россия жана Түркиянын долбоорлоо институттарынын катышуусунда изилдөө […]Читать далее
Панфилов районуна караштуу Күрпүлдүк айылынын тургуну эмгек ардагерлеринин жана кант кызылчасын өстүргөн дыйкандардын атынан түшүмдү кабыл алуудагы көйгөйдү көтөрдү. Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаровдун Панфилов районунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, Панфилов районунда 5 миңден ашык эмгек ардагери бар. Алардын 70-80 пайызы дыйканчылык менен алектенишет. Тургун Кайыңды кант заводунда эски жабдуулар колдонулуп жатканын, […]Читать далее