Жалал-Абаддагы жаңы аэропорт кийинки жылы пайдаланууга берилет

 Жалал-Абаддагы жаңы аэропорт кийинки жылы пайдаланууга берилет

Жалал-Абад облусунда курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропортту 2027-жылдын күзүндө пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоордун негизги багыты жүк ташуучу авиацияны өнүктүрүү болуп саналат. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунда “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, аэропорт үчүн Жалал-Абад облусундагы алты-жети жер тилкеси каралып, Россия жана Түркиянын долбоорлоо институттарынын катышуусунда изилдөө жүргүзүлгөн. Натыйжада эл аралык каттамдарды тейлөөгө ылайыктуу деп азыркы курулуш жүрүп жаткан жер тандалган. Бул аймакта мурда аэропорт болгон эмес.

Долбоордо аэропортту жүк ташуучу авиациянын негизги борборлорунун бири катары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Буга жакын арада өтө турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун мүмкүнчүлүктөрү да негиз болгон.

“Бул аэропорт аркылуу жакынкы мамлекеттерден жүргүнчүлөрдү кабыл алууга, ошондой эле эл аралык жүк ташууларды уюштурууга шарт түзүлөт. Аймактын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аэропортту жүк ташуучу авиация багытында өнүктүрүүнү көздөп жатабыз”, — деди ал.

Самидинов белгилегендей, жаңы аэропорттун учуп-конуу тилкесинин узундугу 3600 метрди түзөт. Анын аймагында эки рулдук жол жана бир убакта төрт учакты токтотууга ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат. Ал эми аэровокзал комплексинин аянты 12 миң чарчы метрди түзөт.

Аэропорт Airbus A319, A320, A321 учактарын, ошондой эле Boeing 737 үлгүлөрүнүн бардык түрлөрүн кабыл алууга ылайыкталат. Мындан тышкары, аталган учактардын жүк ташууга ылайыкташтырылган түрлөрү да конуп-учууга мүмкүнчүлүк алат.

Аэропорт 2027-жылдын күзүндө ачылгандан кийин алгач аймактык каттамдарды ишке киргизүү пландалууда. Тактап айтканда, Жалал-Абад менен “Манас” аэропортунун ортосунда аба каттамдары уюштурулат.

Андан соң, чет өлкөлүк авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Эл аралык каттамдарды ачуу үчүн авиакомпаниялар аэропортко өз аудитин жүргүзүп, анын техникалык талаптарга шайкештигин жана каттамдардын коммерциялык жактан натыйжалуулугун баалашы керек.

Ал эми азыркы иштеп жаткан “Жалал-Абад” аэропорту мамлекеттин балансына өткөрүп берилет.

Связанный пост