Быйыл дем берүүчү гранттардын эсебинен 439 долбоор бекитилди

 Быйыл дем берүүчү гранттардын эсебинен 439 долбоор бекитилди

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объекттерин (социалдык объекттер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2024-жылга “Дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом каралган.

Буга байланыштуу КР Финансы министринин биринчи орун басары Р.Суйналиев баштаган комиссиялык отурумдун жыйыны болуп өттү. Анда 2024-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду бекитүү боюнча 2024-жылдын 29-мартындагы №15-01/2 протоколуна ылайык, 439 долбоор бекитилди.

Маалымат: Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Связанный пост