Жогорку Кеңеште санариптешкен заманбап музей жана жыйындар залдары ачылды
Бүгүн, 9-сентябрда КР Президенти Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин катышуусунда парламенттеги санариптешкен заманбап музей менен жаңыланган жыйындар залдары ишке киргизилди.
Алгач Президент менен Төрага оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн залдарды көрүп, андагы түзүлгөн шарт-жагдай боюнча маалымат алышты.
Алсак, аталган залдар толугу менен санариптик форматта иш алып барууга ыңгайлаштырылып, каралып жаткан маселеге тиешелүү жетекчилердин, айрыкча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн онлайн катышуусуна керектүү шарттар түзүлгөн. Бул өз кезегинде маселелердин ачык-айкын жана толук-кандуу талкууланышына көмөкчү болуп, убакытты натыйжалуу пайдаланууга да ыңгайлуулук жаратат.
Андан соң Өлкө башчысы менен Төрага парламенттин жаңыланган музейин ачышты.
Атайын гид-робот аларды босогодон тосуп алып, музей тууралуу кеңири маалымат берди. Гид-робот белгилегендей музей эки бөлүктөн туруп, анын бири кыргыз элинин жана кыргыз парламентинин тарыхына арналган. Ал эми экинчи бөлүгү “Санарип парламент” деп аталып, Жогорку Кеңештин жалпы ишмердүүлүгү, анын ичинен мыйзам чыгаруу иши санариптик форматта чагылдырылган. Меймандар гид-роботтон тарых тууралуу кеңири маалымат угушса, атайын экрандан парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу каалаган маалыматын көрө алышат.
Президент жаңыланган музейдин ишине жогору баасын берип, парламенттин тарыхы жана иши менен шайлоочулар, айрыкча жаштар жана жалпы эле меймандар кабардар болуп турушу керектигин кошумчалады.